super.kg logo

Атамбаевдин портрети: КСДП жана сүрөтчү чыр боюнча өз версияларын айтышууда

 

КСДП жана сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мык жана жиптен жасалган портретинин айланасындагы чыр боюнча өз версияларын айтышууда.

КСДПныкы:

"Башында сүрөтчү портретти КСДПнын кеңсесине белек катары таштап кеткен. Бир нече жумадан кийин үй-бүлөлүк маселелерин айтып, "белегин" сатып алууну аябай суранган. Ошентип Икрамжан Илмиянов менен жолугушуп, Азамат Жаналиев 2,5 миң долларга абдан сүйүнүп, кошумча төлөм боюнча маселени көтөргөн эмес. Мунун күбөлөрү да бар.

Сүрөтчүнүн жалган айтканы аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн. Эч кандай жазуу же кат түрүндө макулдашуулар болгон эмес. Азамат Жаналиев 2,5 миң долларды кайтарсын, портрет дароо авторуна берилет. Ага кошумча дагы бир экинчи окшош портрет берилет. Бул акчага "белекти" да сүрөтчү зордоп берген", - дейт партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Сүрөтчүнүкү:

"Алмазбек Атамбаевдин эки сүрөтү бар болчу. Биринчисин, эскисин былтыр бергем, алар ыраазычылыгын айткан, ал сүрөткө эч кандай доом жок. Экинчиси - бул коллекциялык сүрөт эле. Аны Икрамжан Илмияновго башында берсем албай койгон, анан Дубайдан ханзаада Хамдан тарабынан мага чакыруу келгенде Илмиянов мени дароо чакырып, Атамбаевдин сүрөтүн арзан баага алып, шейх менен жолуккандан кийин берем деген.

Икрамжан Илмиянов менен кат түрүндө макулдашуулар жок. Бирок Дубайдагы сүрөттөрдү Илмиянов өз максатында колдонгону тууралуу фактылар бар. Негизинен шейх Хамдан мени чакырган. Менин ордума Икрамжан Илмиянов кирип өз долбоорун иштеткен.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева калп айтып жатат. Мен Икрамжан Илмиянов менен жолугушканда ал катышкан эмес, күбөлөр да болгон эмес.

УКМК адилеттүү, туура чечим чыгарат деген максатта арызымды бул органга бердим", - деди Жаналиев.

Айта кетсек, сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
21.06.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2-жарым мин долларды эзептешпей уурдаган миллион долларларды ордуна койуп койгула Кундуз
21.06.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биринчиден бул суротчу кыпкызыл калпычы окшойт...

Каяктагы бир шейх чакырса 5-10 тыйын иштей калайын деп Илмиянов кошо учтубу Дубайга?!!

Экинчиден онор ээлери онорун жалпы элге тартуулайт... Анан мансаптуу, бай бироолордун суротун тартып, анан белекке берип ордуна акча кутуу, акча бербесе ар проблемасын айтып бечара корунуу- бул кайырчылык,тилемчиликтин эле бир туру...
Tokmokchu-1 түзөттү 2018-06-21 16:42:42
21.06.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эптеп эле Атамбаевди жамандаш учун, бойроктон шыйрак чыгарышып, ушак таратышып жатышат. Аман эле болушсун. Эми ушул сурот кплыптырбы. Эл жинди эмес. АШАны интернет аркылуу жамандап койсо эле, туура деп ээрчип журо бергендей. Кырдаалга туура баа берищ керек
21.06.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул суротчу туну менен желек кармап турган бала беле? Же адашып атамбы?
21.06.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Alinur96kg, озун пиарлаганды оло жакшы коргон, ХХХХХХХХХ
Башкалар эмне десе ошол десин, бул жигит мен учун ХХХХХХХХ
Негизи муктаждык болбой туруп, тХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-21 16:50:28
21.06.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акыркы 6 жылда кызарган жердин баарына көз артып, эбегейсиз байлык топтогон Илмияновдун Максим Бакиевден ашып түшкөнү күн өткөн сайын ачыкка чыгууда. Андыктан өнөр адамдарынын чөнтөгүнө чейин “колун салган” мындай ачкөздөр жоопко тартылышы керек. УКМК келген арызды көз жаздымда калтырбасын.
21.06.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бул суротчунун да озунун мээнети барда эмнеге бундай кылышат туура эместа бул баланын акысынын тен жарымын жебейле койбойбу ХХХХХХХ Атамбаевтер.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-21 17:15:51
21.06.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул суротчу сорой аман эле болсун чеченстандын президентине дагы барып анын суротун жазап аны белеке берип кур кайтып келди эле бул акчага эле кызыкан ХХХХХХ окшойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-22 12:22:05
21.06.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сүрөтчү кыйын го кимдин сүрөтүн тартышты да билет экен.
21.06.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саясий куугунтук бул. Эптеп бирдеме таап камаш керек болуп жатат. Укмк ушундай иштерди текшереби. Прократура, укмк, сот мурунку эле тартибинде иштеп жатат. Бийлик не айтса ошону аткарып. Укмк деген олконун коопсуздугун камсыздоо менен алектенет го дейм мен ойюмча. Же бироонун уйу жоголсо таап беруу менен алектенип калды беле. Мына сага биз ишенген бийлик.
22.06.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкерлерди чекеден камаш керек башты оорутуп тияктан бияктан суйлото бербей ошондо туура болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: