super.kg logo

Орусиялыктар пенсия курагын жогорулатууга каршы. Москва мэриясы нааразычылык митингдерин өткөрүүгө тыюу салды

 

Орусиянын Москва шаарында пенсия курагынын көтөрүлүшүнө каршы митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар мэриянын өкүлүнө таянып жазып чыгышты.

Маалымат боюнча, Москва мэриясынын аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү департаментинин башчысы Владимир Черников мындай чечим Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна байланыштуу кабыл алынганын айтты.

Мэрия жетекчилиги жарандарды аталган чечимге сый мамиле жасоого чакырган.

Буга чейин шаар башчылыгына пенсия курагын көтөрүү демилгеси боюнча митинг өткөрүүгө уруксат сурап Либертариян, "Алма" партияларынан, бир нече кыймылдардан жана оппозиционер Александр Навальныйдын тарапташтары тарабынан арыздар келип түшкөн.

Эске салсак, Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат.

Аталган мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 19-июлда биринчи окууда карамакчы. Акыркы чечимди кабыл алуу күз мезгилинин башына барып такалары айтылууда.

Учурда Орусияда аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүндө аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.06.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деген жылдар бою пландалып келген, футболду шылтоо кылып
22.06.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
almanbetperm,туура,эл футбол м/н аалек болуп жатканда закон кабыл алып койду,даже алар митингди жогору жак уруксат берсе откорот,бул акылга сыйбаган иш.Пенсия курагын жогорулатканы акысы жок, бул элдин оздору жылдап токкон налогу! Бул нерсеге коз жумулса анда налог толоп эмне? Биздикилер укпасын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: