super.kg logo
  Саясат  

Депутаттык топ УКМКнын тергөө абагында отурган саясатчылардын абалы менен таанышып келишти

 

Депутаттык топ УКМКнын абагында отурган Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Канат Исаевдин абалы менен таанышып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аты аталгандардын абалы жакшы. "Маалымат каражаттарына алардын ден соолугу начарлаганы жазылгандыктан кечээ, 21-июнда депутат Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Урматбек Самаев, акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов болуп абалы менен таанышып келдик. Алар абактын тартибине эч кандай талаптары жок экенин билдиришти. Дарыгерлер өз убагында келип, жолугушуулар мыйзамга ылайык өтүп жаткандыгын айтышты", - дейт Жээнчороев.

Айта кетсек, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Ал эми Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: