super.kg logo

Жогорку Кеңеште УКМКны көзөмөлдөөчү комитет түзүү демилгеленүүдө

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин иштери көзөмөлгө алынышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган орган кээде өзүнө тийиштүү эмес болгон иштер менен да алектенүүдө.

"Биз Жогорку Кеңеште коопсуздук кызматын көзөмөлдөй турган дагы бир комитет түзүүнү демилгелеп жатабыз. Азыр мындай багытта 2 комитет иштеп жатат. Жаңы комитет УКМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп алар кандай иштерди аткарып жатканын билбейм. Бул комитет түзүлсө коомчулукта ачыктык болот эле. Бул комитеттин мүчөлөрү маалыматты сыртка чыгарбоого милдеттендирилет", - деди Масалиев.

Анын айтымында, аталган демилге жакында Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул демилге ишке ашса парламентте 10-комитет түзүлөт. Аталган демилге коомдук талкууга коюлган. Учурда бул боюнча тегерек стол өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.06.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМК президентке жана премьер министирге гана баш ийет .
Камалып кетпейли деп атасынарбы арамдар
22.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УКМКны козомолдоочу оргон тузулсо анда эмне кереги бар?
22.06.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМКны жалпысынан Коопсуздук кенеши же коопсуздук, куч органдары боюнча вице премьер барго алар караса болотда? Же эптеп кызмат тузуп ар кимди коркутуу мактанууну ойлонондордун кызматы болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: