super.kg logo
  Спорт  

Жасалма интеллект футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсүн Германия деп тапты

 

Германиянын Дортмунд техникалык университетинин окумуштуулары атайын компьютердик жабдыктын жардамы менен футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгына божомол жүргүзүп көрүштү. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, атайын жабдык чемпионду тандоодо чемпионатка катышкан мамлекеттердин калкынын санын, ФИФА рейтингиндеги ордун, буга чейинки чемпионаттардагы жыйынтыктарын, ар бир команданын өзгөчөлүктөрүн эске алат.

Алгач жабдык Испанияны чемпион атаган. Бирок 100 миң жолу текшерип көрүшкөндөн кийин эң көп жолу Германияны тандаган. Компьютерге ишенсек, Германия чемпион болуш үчүн алгач жарым финалда утушу керек.

Ал эми талаа ээси болгон Орусиянын чейрек финалга чыгуусу да күмөн. Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу ушул жылдын 14-июнунда башталган, 15-июлда жыйынтыкталат. Учурда тайпалык баскычтагы оюндардын 2-туру жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.06.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул лохотрон, ишенбей эле койгула...

Буга ишенсе Аргентина хотя бы жарым финалга чыкмак. Ал эми реалдуулукта Аргентина 1/8 финалга чыгуусу арсар болуп турат...
22.06.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmokchu-1,8/1 эмес тайпадан чыгышы күмөн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: