super.kg logo

Депутат Баатырбеков: "Мен желекке "Манас" эн тамгасын түшүрүш керек деп сунуштаган эмесмин. Муну адистер иштеп чыгышы керек"

 
"Манас" эн тамгасы
Алмазбек Баатырбеков

"Мен желекке "Манас" эн тамгасын коюуну сунуштаган жокмун. Журналисттер көбүртүп жазып салышыптыр", - деп бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков айтты.

Анын айтымында, желекке байланыштуу сунушту буга чейинки парламент жыйынында айтып чыккан.

"Буга чейин премьер-министр Жогорку Кеңештин жыйынына келгенде желектин бир жерине өзгөртүү киргизели, болбосо айрым иш-чараларда тескерисинен илинип калып жатат деп айткам. Себеби өлкөдөгү айрым иш-чараларда, спортчуларыбыз чет өлкөдө мелдештерге катышканда биздин желек тескери илинип калган учурлар болуп жатат. Желегибиздеги түндүктү биз түшүнөбүз. Бирок башкалар айырмалай албай калууда.

Албетте, бул демилгени атайын адистер иштеп чыгышы зарыл. Мага журналисттер байланышып: "Кандай өзгөртүү сунуштап жатасыз? Эмнени кошуу керек", - деп сурап жатышат. Айрымдары жообумду көбүртүп жазып салыптыр. Менде так сунуш жок. Бирок кошумча элемент кошсок туура болот деген эле ой. Сөзсүз "Манас" эн тамгасын кошолу деп сунуштаган эмесмин. Журналисттер сурай бергенинен ушинтип мисал келтиргем. Бул маселе талкууга алынышы керек. Мага эми жарандардан кайрылуулар келе баштады. Аларды чогултуп, сунуштап көрөм", - деди Баатырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.06.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Желекти коюп өлкөнү өзгөртүүгө жакшы долбоор сунуштасаң болмок.
22.06.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул пайдасыз депутаттар тойгузду да...

Тигине Москвада 20 саат уктабаган бир баатырдын айынан ондогон-жуздогон мекендештерибиз жабыр тартууда, машинесин ГАИшниктер алып коюп... Ошону чечпейби?!! Мигранттардын койгойун чечпейби?!! Каяктагы бекерчи создорду суйлогучо?!!....
22.06.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tokmokchu-1,ким айтты сага мекендештерибиз жабыр тартып жатат деп менин досторум Москвада такси кылып эле журушот азыр деле баары жакшы эле деп атышат. Анан бироонун башына жаман иш тушкондо какшыктап жазбай эле койсон баатыр деп ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-23 12:02:34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: