super.kg logo

Баласын жаздык менен тумчуктурду делген келиндин ата-энеси кызынан да, небересинен да баш тартууда

 

Ош шаарында апасы жаздык менен тумчуктурган делген 1 жаштагы баланын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, бала учурда Ош шаардык эне жана баланы коргоо реабилитациялык борборунда каралууда.

"Апасы тумчуктурду деп айтып жатышат, бирок баланын абалында андай белгилер жок, балким арачага түшкөндөр өз кезинде байкап, балага зыян келбегендир.

Ал эми келин жөнүндө айта турган болсок, ал баланы никесиз төрөгөн. Мындан улам өзүнүн үйүндөгүлөр менен пикир келишпестиктер жаралып, үйүнөн чыгып кеткен. Биздин мекеме тарабынан реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Кийин ата-энеси келип, күйөөгө беребиз деп алып кетишкен. Бирок кайра үйүндөгү жаңжалдан улам үйүнөн чыгып кеткен. Социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери келинди баласы менен "Ак жүрөк" кризистик борборуна жайгаштырган. Ал жердеги кызматкерлердин жардамы менен келин бала бакчага бала багуучу болуп жумушка кирген. Ошол жерде иштеп, баласын карап жүргөн. Эмнеге мындай аракетке барганын түшүнбөй калдык.

Ата-энеси "биздин мындай кызыбыз жок" деп келинден да, небересинен да баш тартып жатышат. Учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен эне-баланын алдыдагы жашоосу кандай болорун чечебиз", - дейт Раева.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде келин баласын жаздык менен тумчуктуруп жатканда аны көрүп калгандар өлүмдүн алдын алып калышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
22.06.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менде 2 суроо бар?...

Биринчиден психический расстройствада жургон бири кантип бала багуучу болуп жумушка орношту?!! Балким ачуу устундо башка балдарды да катуу уруп-сабап койсо эмне болмок?!!.....

Экинчиден кечоо эле эркектер куноолуу, таштап кетиптир куйоосу деп жаткандар кана?!! Кана ошолор?!!

Аял киши эркек мин азгырса да алданбай, зынаа жолго баспаш керек... Эгер эртен бул келин коп эркек менен журуп, баланын атасы ким экенин айта албаса эмне кыласынар
22.06.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул келиндин ата-энесине ХХХХХХХ Убагында туура тарбия бериш керек болуучу, туштон кийин кызы, небересинен баш тартып отурбай...

Ата-эне тарбиясы коп нерсени чечет... Бугунку женил ойлуу жаштардын женил ойлуу же зоокур болуп осуусуно эн биринчи ата-энелер куноолуу, тарбия эмне экенин билбеген, туура тарбия бербеген...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-22 18:33:37
22.06.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tokmokchu-1,ХХХХХХ Никесиз төрөгөн кызда да чоң күнөө бар. А бирок аны боюна бүтүрүп койгон эркек сөрөй эмнеге жоопкерчиликсиз калып жатат. Эмнеге мамлекет ушундай эркектерди жазасыз калтырат? Кандайдыр бир деңгээлде анын да күнөөсү бар эмеспи? Баланын апасына кошуп атасын да таап жазага тартуу керек. Антпесе аталардын балага болгон жоопкерчилиги жоголуп бара жатат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-22 18:33:59
22.06.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tokmokchu-1,ким адашпайт бул дуйнодо??? Адашыптыр, бироо алдап кетиптир, жаш кыз.. адам качан акыл эсине кирип акылы бутун болот 27-28 жашка чыкканда, башынан ысык суук откондо,ата энеси деле ушундай жолго тушсун, кийин бизге соз тийгизсин деп тарбиялап остурбосо керек... коом бузулган эркектерде жоопкерчилик жок, ушул кыздын турмушуна балта чапкан эркек да эртен эле анын да кызыны бироо ушинтип араа жолго таштап кетсе анан кылган куноосун тушуноттур жа
Жашоо бумеранг баары созсуз бир кун
22.06.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар бир пендеге ынсап берсин.Ар бир адам бактылуу жашоого укуктуу.Ар бир бобок бактылуу балалыктын доорун суруш учун биз чондор аракет кылышыбыз керек.Эл эмне дейт деп журуп кыргыздар манкуртка айланып баратабыз.Чоптун башы кыймылдаса да аял куноолу дебей эркектер ар бир ишинерге жоопкерчиликти мойнунарга алгыла.Алдап соолап.айды алып кунду алып бере койуп.туйдуруп.туудуруп койуп аппак чымчык болуп чекеге чыкпай.
22.06.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен чындыкты жазып оттум, аранарда ким бироонор уже ата-энесинер, анан тушунугунор ушундай болсо, силерди коруп осуп, силерден тарбия алган уул-кызынар эртен кандай чоноер экен...

"Аял байкуш, аял байкуш болсо ага баягы эле эркек куноолуу" деген сандырак ойду мээнерге синирип алып бул жерде ажылдайсынар...

Уул-кызынар эртен мындай кунго тушпош учун, зоокур же сойку болуп уят болбош учун ата-эне туура тарбия бериш керек, ал учун ата-эне тушунуктуу болуусу керек
Tokmokchu-1 түзөттү 2018-06-22 18:26:18
22.06.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmokchu-1,ошол тушунуктуу ата энелер да аз болуп атбайбы монтип баш тартышып,депкир менен о баласын олтургон келинден деле ата энеси баш тартты го
22.06.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmokchu-1,баарын өзүңдөй ойлобо! Ким сага ажылдап жатыптыр? Э
Жаңылбаган жаак мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. Балким кызга жакшы эле тарбия бергендир. Бала чоңойгондо чөйрөсүнө карап да өзгөрүп кеткендер бар. Бул жерде бир эле кызды күнөөлөбөй тиги эркек сөөрөйдүн да күнөөсү бар деп айткам. А
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-23 11:57:44
23.06.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tokmokchu-1, Мудурулбогон туяк, жанылбаган жаак болбойт.Куноо тарбия бербеген ата энесинде дептирсин.. А кээ бир кыздардын ата энесинин тарбиясын эмес оздорун дагы корбой чонойгон акыл эстуу, ыймандуу,элдин алкышына татыган айымдарга эмне соз айтаар экенсин?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-23 11:51:41
22.06.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бала багып алууну жонокойлоштурсо ушуга окшогондорду багып алат элек. бала багып алуу учун толгон токой документ топтоп атана жотоно бар ар кайсы эшикти какылатышып кууратышат.
23.06.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу Эл сиздер ата-энеден кыйык издебегиле. Ал биринчисинен уругунда болушу мумкун. Экинчи анын чойросундо болушу мумкун. Учунчусу ата-энеден болушу мумкун
23.06.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимдин күнөсү бар жок экенин иликтеп жиликтеш,өз келечегин билбеген адам пендесине ылайыктуу эмес.Болгону турмуштун сабагын өзүбүздүн кетирген катабыз аркылуу эмес,башкалардын катасы аркылуу оңдойлу туугандар.
23.06.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизди Алла адаштыргандардан кылбасын.Окусаң эле жүрөк ыйлаткан окуялар.Кандай үрөөн сепсек ошондой мөмө алабызда.Кандай кылсак кылмыш жок болуп,адам ыйлабай калат болду экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: