super.kg logo

Баткенде өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген мөмө-жемиштин баасы 800 миң сомду түздү

 

Кадамжай районунан өлкө аймагына аткезчилик жол менен ташылып келген кургатылган мөмө-жемиштер кармалган. Бул тууралуу Каржы полициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя май айында катталаган, ал эми кармалган товардын баасы бүгүн, 23-июнда жарыяланды.

Каржы полициясынын кызматкерлери 25-майда Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында өлкө аймагына товарларды аткезчилик жол менен алып келүүгө каршы ыкчам-иликтөө иш чарасын өткөргөн. Натыйжада Ош-Баткен жолунан Д.Р. аттуу жаран башкарып бараткан “DAF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшергенде тиешелүү документтери жок кургатылган жемиштер (коон, кайналы, жер жаңак ж.б) табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу боюнча, товарлардын жалпы базар баасы 800 миң сомдон ашык акча каражатын түзгөн", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.06.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баткендиктер ушул бизнес менен алектенип бала чакасын багат. Дагы эмне
23.06.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылсын байкуштар.муну дагы аткезчилик деп кармап аласынар 1сом берип койгонсуп. Саат сайын калонна болуп тажикистанга отуп жаткан бензин менен иттин иши жок. Себеби ага духунар жетпейт.
23.06.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolkun555, 100 пайыз кошулам
23.06.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tolkun555, мамлекет жеке ишкерлерди өнүктүрөбүз деген сөздөрдү айтып келет. Бирок иш жүзүндө ага карама-каршы иш болуп жатат. М: бир жеке бизнес баштоо үчүн райондук же шаардык салык бөлүмүнө катталасын, жеке ишкер деген күбөлүк аласын, эгер электр энергиясын иштетчүү болсоң толгон токой документ толтурасын уруксат алуу үчүн. Мунун баарын ишти баштабай жатып төлөйсүн. Бизде жеке ишкерлерди өнүктүрбөй эле жогорудагыларга жетип албасын дегендей эле мамиле кылышат
Dalil түзөттү 2018-06-23 16:28:16
23.06.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым элге эле кучу жетет ал эмне кылмыш кылып жатыптырбы эч кимге зыяны тийбей тиричилиги менен убара болуп оз жанын багып жатат же эмне уурдап кетип жатабы тооба. Сыягы акча бербей койгонго акча бергенде тоспойле откоруп иймек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: