Кереметтүү көл жээгинде "Менин мекеним - Кыргызстан" эл аралык балдар фестивалы өтөт
Кереметүү көл жээгинде "Менин мекеним - Кыргызстан" эл аралык балдар фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык балдар фестивалы 26-июндан 2-июлга чейин Ысык-Көлдө өтөт. Бул маданий иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги "Сейтек" борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. Фестивалга жалпысынан 600дөн ашуун бала катышат.
Фестивалдын жүрүшүндө ар кандай сынактар, көңүл ачуучу оюн-зооктор уюштурулуп, концерт тартууланат.
"Иш-чаранын негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдар арасындагы карым-катнашты күчөтүү, бири-бирине, бөтөн маданиятка болгон сый-урматты бекемдөө жана достукка үндөө болуп саналат", - деп билдирди уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















