super.kg logo
  Спорт  

Футбол күйөрманы: "Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна барып келүү үчүн канча каражат кеткенин айта албайм, жубайым ачууланат"

 

Спорт оюндарынын падышасы болгон футбол дүйнөсүндө 4 жылда бир келчү майрам болгон Дүйнө чемпиондугу Орусияда өтүп жаткан чагы. Дүйнө жүзү назар салып турган бул ири масштабдагы иш-чарадан Кыргыз футбол сүйүүчүлөрү да четте калган жок.

Орусияда Дүйнө биринчилигинин өтүп жатышы Кыргыз футбол сүйүүчүлөрү үчүн өзүнүн мыкты оюнчуларын, курама командаларын көрүп, алардын оюнуна жанынан баа берүүгө мүмкүн болду. Дал ушундай мүмкүнчүлүктү футбол күйөрманы Чыңгыз Абыкеев колдон чыгарган жок.

Окуучу кезинен футбол ойноого кызыккан Абыкеев үчүн бул чемпиондуктун Орусияда өтүшү кыялын орундатууга жардам берген.

"2018-жылы Дүйнө биринчилиги Орусияда өтөт деген жаңылыкты уккандан тарта эле ага даярданып баштагам. Ушундай дүйнөлүк масштабадагы футбол майрамы жакынкы өлкөдө өтүп жатса, барбай калуу мен үчүн кыялдан баш тартуу менен барабар болчу", - деп билдирди футбол сүйүүчүсү.

Португалия улуттук курама командасына, "Реал Мадрид" футболдук клубуна жана Криштиану Роналдуга күйөрмандык кылган Чыңгыз Абыкеев Дүйнө чемпиондугуна барып келиш үчүн жалпы канча каражат кеткенин айтуудан баш тартты.

"Мен Орусиянын Москва, Ростов-на-Дону, Сочи, Волгоград, Брянск шаарларында болдум. Негизи Волгоград шаарында өтө турган Тунис-Англия беттешине эле билет алган болчумун. Бирок шаарларды кыдырып жүрүп ийгилик жылмайып "Ростов Аренада" өткөн Бразилия-Швейцария беттешине да күбө болгонго жетиштим. Стадиондун ичинде оюн учурунда болгон маанайды толкундоолорду сөз менен жеткире албайм. Бул иш-чарага барып келгенге жалпы канча каражат кеткенин айта албайм, жубайым ачууланат", - дейт ал.

Футбол сүйүүчүсү бул спорттук майрам жогорку деңгелде уюштурулганын жана ага жаккан көрүнүштөргө токтолду.

"Баргандан келгенге чейин бир дагы кыйынчылыкка кабылган жокмун. Эң негизгиси бул өзүңдүн маршрутуңду так түзүп алуу экен. Мындан сырткары эгерде сен атайын күйөрмандык паспортко ээ болсоң шаар ичиндеги жана шаар аралык поезд, автобус каттамдары бекер экен. Ар бир жагдай кылдат ойлонуштурулуп мыкты деңгелде уюштурулуптур. Буга жараша оюн көрүүгө барган ар кайсы улуттун өкүлдөрү өзүнүн курама командаларына жан тартып, алдыга сүрөп турушту. Ар бир оюн өткөндө шаарларда күйөрмандар фестивалдары уюштурулуп чоң экрандар орнотулган. Дал ошол экрандардан көрүүчүлөр оюнга күйөрмандык кылып жатышты. Мага Тунистен келген күйөрмандар абдан жакты, мыкты уюшулган күйөрмандар экен. Ырдаган ырлары да кулакка жагымдуу".

Ошондой эле анын айтымында, ыктыярчылар да эң мыкты даярдыктардан өтүшкөн.

"Оюн болуп жаткан ар бир шаардын көчөлөрүндө ыктыярчыларды көрүүгө болот. Алар ким болбосун кайсы жакка барыш керек экендигин айтып, көрсөтмөлөрдү берип, мыкты маанай каалап көңүлдү көтөрүп жатышты. Өзүмдү сүйүктүү курама командамдын оюнуна стадион ичинен күбө боло алган жокмун, анткени билеттер жок экен. Ал эми оюн алдында сатылган билеттердин баасы өтө эле кымбат болуп кетти. Антсе да жүздөгөн күйөрман менен стадион сыртынан Португалия улуттук курама командасына жан тартып турдум", - деди Абыкеев.

Мындан сырткары футбол күйөрманы Кыргыз улуттук курама командасы да Дүйнө чемпиондугунда ойноп каларына ишенерин жана биздин курама мыкты оюндарды көрсөтүп келе жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
24.06.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Хе хе, директордук кызматты давно эле тарттырып жиберген турбайбы, негизигиси башынан кармаш керек
24.06.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Байкуш аял уйду ойлойт эркек талааны...)) Тамаша! Мен да эркек болуп жаралып калсам акча топтоп барып келсем керек. Футболду аябай жакшы кором. Германия вперед! Особенно Нойер жагат. Мыкты вороторист!
24.06.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
engel,сендагы кымызды кесип жегенсинго ха ха неймар мыкты воратарде ххххыыыы
24.06.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Munar8625,Нойер деп туратко мен неймар деген жазууну таппадым. Бироого жазаарда жакшылап окуп алсанар. Билишимче фудболдогу жылдыздарды эле билет окшойсунар. Рон. Месси неймар суарес ушуларды. Мануэль Нойер Германиянын жана бавариянын капитаны жана воротаристи.
24.06.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уйго кел дагы футбол коросун
24.06.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
pyeon hwa,фудболдун уландысы уйдо де
24.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
momun74, айып соккулар күтүп турат де
24.06.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жубайын кутуп олтурат мээнди сууруп топ кылып тебет
24.06.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир чети туура ачка табыла турган нерсе оюн жакынкы өлкөдө болуп жаткандан кийин акчаң барбы барыш керек булда маданиятты түшүнгөндүк мен деле иштеп көп ачка тапканда бармакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: