super.kg logo

Жалал-Абад облусунда 3 адам баңгизат менен кармалды. Алардын бирөө Өзбек жараны

 

Жалал-Абад облусунун аймагынан 3 адам баңгизат алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бирөө Өзбек жараны.

"Таш-Көмүр ШИИБинин милициясы жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 7-июнь күнү саат 14:00 чамасында Шамалды-Сай шаарчасынын сейил багында Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.К.ны шектүү катары токтотуп, күбөлөрдүн катышуусунда өздүк тинтүү жүргүзгөн. Анын кийиминин чөнтөгүнөн болжол менен 6-7 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Андан 2 жума өтпөй ошол эле аймактан дагы бир баңгизатын алып жүргөн тургун кармалды. Башкача айтканда, 21-июнь күнү саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1977-жылы туулган Т.Тны Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүндө ыкчам-малымааттын негизинде текшерген учурда анын кийип жүргөн шымынын чөнтөгүнөн жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар салмагы 25-30 грамм баңгизат алынды.

Ал эми 23-июнь күнү саат 11:30 чамасында Шамалды-Сай шаарчасында аймактык милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү Өзбек Республикасынын Самарканд облусунун Катта-Коргон районунун 1975-жылы туулган Т.Ш. аттуу тургунуна текшерүү жүргүзгөн убакта жанындагы тамекинин кутучасынан 6 грамм баңгизаты алынды. Химиялык экспертизанын жыйынтыктары көрсөткөндөй, алынган заттар гашиш экендиги аныкталды. Жогорудагы 3 факты боюнча Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.06.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек ара ачылып, эми мындай көрүнүштөр көнүмүш адатка айланбаса болду.
24.06.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирөөсү өзбек жараны экөө өзбек улатундагы кыргыз жараны деп ачык жазсаңар..
24.06.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admiral,Менимче да ошондой, корунушунон
Эле билинип турат, кыргыз
эмес экендиги
monster_high_98 түзөттү 2018-06-24 10:52:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: