super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аймактарды өнүктүрүү жылында Ала-Бука районунун жолдоруна көңүл бурулабы?" деп окурман президентке кайрылды

 

"Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борборунан 1-Май айылына кеткен жолдун абалы өтө начар. Аймактарды өнүктүрүү жылы да бүтүп бара жатат. Көңүл бурулабы?" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Ала-Бука районунун жолдору өтө начар. Бейтаптарды райондун борборуна алып баруу да кыйын болууда. Жолдон "Бозумчак" алтын кенинин оор жүк ташуучу унаалары өткөндө айыл чаңга бөлөнүп калат. Жолдорду ошол унаалар бузду. Аны оңдоп-түзөө үчүн тендерден уткан компаниянын иши да эмнегедир токтоп калды. Бул жол район борбору менен 100 миңдеген тургундарды байланыштырып турат. Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков! Бул маселени жеке өзүңүз көзөмөлдөп, аягына чыгарып чечип бериңиз", - деп кайрылган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Жол көйгөйү боюнча тургундун президентке кайрылуусу

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
24.06.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа жолдор ото начар. Машиналарга жалко тез тез бузулуп ходовой кылып эле. чыгаша да кароче
24.06.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аймактарды өнүктүрүү жылы иш жүзүндө аткарылабы же кагаз жүзүндө эле калабы? Көзгө көрүнөр бир иш жасалган жок аймактарды өнүктүрүү жылында.
24.06.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шифер го жол эмес эле
25.06.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми президент аймактарды өнүктүрүү жылын жарыяладым эле деп өзү барып, ошол жолду ондоп бериши керекпи. КАйда ал жердеги аким ,айыл өкмөттөр. Ушундай жоопкерчилиги жок бей таасир жергиликтуу жетекчилер, жалпы бийликтин ишине колоко тушурот да
25.06.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент аймактарды өнүктүрүү жылына карата бир катар иштерди жасап жатат. Мына Кытайга барып 600 юань бермей болуптур. Бул акчалар менен эмне деген иштерди жасаса болот. Буюрса президенттин жасап жаткан иши мага көңүлүмө толуп жатат. Албетте кечиликтер бар. Ал акырындык менен калыбына келет деген ойдомун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: