super.kg logo

Сириянын президенти Башар Асад: "Биз согуштан кийин өлкөнү өз күчүбүз менен калыбына келтиребиз"

 

"Биз согуштан кийин Сирияны өз күчүбүз менен калыбына келтиребиз", - деген пикирин Сириянын президенти Башар Асад телеканалдардын бирине берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Асад аталган маегинде Сириядагы согушка байланыштуу бир нече маселелер боюнча өз пикирин, көз карашын билдирген.

Анын айтымында, учурда Сирияда болуп жаткан кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атоого болбойт.

"Бизде согушту токтотуу үчүн 2 жол бар. Биринчи жана негизги жол - бул элдешүү. Экинчи жолубуз террористтерге чабуул жасоо. Албетте, экинчи жолубуз Сирияга жаман таасирин тийгизет. Бирок бул учурда Сирияга көзөмөл жүргүзүү үчүн эң туура вариант болууда.

Биздин өлкөдөгү кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атоого болбойт. Сириялык эмес адамдар гана бири-бирин атышат. Азыркы согушуп жаткандар - жалданма согушкерлер, террористтер. Мен Сирия экиге бөлүндү деп ойлобойм. Биз бир элбиз", - деген Башар Асад.

Ошондой эле ал Сирияда согуш аяктаган соң калыбына келтирүү иштерин өлкө өз моюнуна ала турганын кошумчалады. "Азыр өлкөдө согуш болуп жатат. Бирок биз Сирияны өз күчүбүз менен калыбына келтиребиз. Биз буга ишенебиз. Ага биз ойлогондон да көп убакыт кетиши мүмкүн", - деп билдирген Сирия президенти.

Эске салсак, Сирияда 2011-жылдан бери согуш болуп келүүдө. Дүйнө коомчулугу аталган кандуу кагылышууларды "жарандык согуш" деп атаган. Кагышып жаткан тараптар Сирия президенти Башар Асаддын командасы жана исламдын сунний багытын карманган сириялыктар, оппозиция, күрддөр, ислам мамлекетин курууну көздөгөн радикалдык топтор. Сирия өкмөтүнө Орусия менен Иран бийлиги көмөк көрсөтүүдө. Ал эми оппозициялык топторго батыш өлкөлөрүнөн колдоо болуп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай Гана сонун жерлер экен кашыктап жыйнашканды чомучтоп чачышыптыр да кашмаааар
25.06.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Тундук туштук деп болуно берчу болсок бизге да ушундай кун туулушу мумкун
25.06.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын тундук туштук болуп болунбой ынтымактуу болойлу.. Урматтуу кыргыз калкым.... Депуттатар еле болунбосо
25.06.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагыны айтпагылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: