super.kg logo

Орусияда дүкөндө иштеген Кыргыз жараны болгон келин өрттөн каза болду. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

 

Орусиянын Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргыз келин өрттөнүп каза болуп, анын кайниси өрттөн жабыркады. Бул тууралуу Орусиянын 47news.ru. басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 23-июндан 24-июнга караган түнү жергиликтүү депутаттар кеңешин шайлоо алдында болгон.

"Алар кирип келип эле бизге бензин куюп, андан кийин өрттөп жиберишти" деп кырсыктан оор жаракат алган Кыргыз жигити дарыгерлерге айткан. Бул кылмышка өрттөнүп каза болгон кыргыз келиндин күйөөсү шектелип жаткандыгы маалыматта жазылат.

24-июнга караган түнү саат 2:30дар чамасында аталган шаардагы өрттөнгөн павильондордун биринен сатуучунун жансыз денеси табылган. Ошол эле жерде өрттөн катуу жаракат алган адам ооруканага жеткирилген. Жабыркаган 19 жаштагы Кыргыз жараны дарыгерлерге аларга өрт койгондор эшикти сыртынан бекитип кетишкенин айткан.

Өрт тууралуу ӨКМга саат 02:19да билдирүү келип түшүп, саат 2:51де ал толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык тууралуу кабарды өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүү тургун кабарлап, биринчи катуу үн чыгып, андан кийин кара түтүн каптап кеткенин айткан.

Дүкөндүн ээси Кристина Прибыткованын айтымында, каза болгон кыздын аты Гүлнара. Ал каза болгондон кийин үйүнөн паспортун табышканда 1981-жылы туулгандыгы көрсөтүлгөн. Ал Кыргыз жеринен Орусияга келип бул дүкөндө сыноо мөөнөтүндө бир айга жетпеген убакыттан бери иштеп жүргөн. Прибыткова ага түн жарымда телефон чалышып, дүкөн жабык турганын, ичиндеги текчелер сынып жатканын жана кан болуп жатканын айтышканын билдирген.

"Саат бирде мен Гуляга (Гүлнарага) чалгам, ошондо ал мага "күйөөм павильонго мас абалында келип сабады, дүкөндүн ичиндеги текчелердин баарын талкалады", - деп айткан. Гүлнара ыйлап, аябай туталанып алган экен, эмне себептен сабаганын кийин айтып берем деген болчу", - деген Прибыткова.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Гүлнара күйөөсү дүкөндү талкалап, өзүн сабап кеткенден кийин Кировскка кеткен. Андан кийин күйөөсүнүн иниси менен келип, павильондун ичин иретке келтире башташкан. Бул учурда Гүлнара менен нөөмөт алмашкан Наталья аттуу аял да келип, дүкөндүн ичин тазалоого жардамдашып, жумуш бүткөн соң үйүнө кеткен.

"Наталья кетип бара жатып Гуляны "биздин үйгө жатып кал" деп өзүнүн үйүнө чакырган экен. Бирок Гуля макул болбогондуктан мейманканада жат деп чечишкен. Ошондо Наталья Гулядан күйөөсүнүн номерин сурап, анын бул жоругу тууралуу сүйлөшөйүн деген. Гуля күйөөсүнө чалганды туура көрбөй, ал мас болуп уктап жатса керек деп жооп берген. Ал эми түнкү саат 3тө мага дүкөндүн өрттөнгөндүгү тууралуу кабар келди, бирок терезелерде темир тосмолор жок болчу", - деген дүкөндүн кожоюну Прибыткова.

Ал эми тергөө комитети Гүлнара өлүмүнөн мурун павильондун ээсине айтып берген даректен анын күйөөсүн кармашканын билдиришкен. Полиция айтылган дарекке барганда күйөөсү дагы деле мас абалда болгон. Күйөөсүнүн билдиргенине караганда, ал кызганычтан улам аялын бир нече жолу уруп жүргөн. Бирок өрттөп жиберүүгө эч кандай тиешеси жок экенин өзүнүн арызында жазып бергени менен, тергөөчүлөр буга күмөн санашууда. Маалыматта белгиленгендей, азырынча тергөө амалдары бул кылмышка түртө турган башка шектүү азырынча жок экенин көрсөтүүдө.

Ал эми кыздын темир тосмосу жок терезелерди сындырып сыртка качып чыга албай калгандыгын полиция ага бат өрттөнүп кетчү суюктук куюлгандыгы менен байланыштырууда. Андай суюктук дүкөндүн ичине да куюлушу мүмкүн, дароо жалындап кеткенде кыз катуу корккондон нес абалда болуп, айнектен чыгуу эсине келген эмес деген божомолдор айтылууда.

SUPER.KG порталы бул боюнча маалымат алуу үчүн Кыргыздын Орусиядагы элчилигине байланышуу аракетин көрүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
25.06.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман иш болуптур. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
25.06.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кызганбай олсун, эмнеле ушул аялынарды кызганып эле журо бересинер, эмнеге аны карадын, эмнеге ал сени менен саламдашты, ал ким деп жоондон жон шылтоо менен эле кызганып отуп кетесинер, албетте баары эмес, кээ бирлери, кызгангыла бирок чеги менен, аял кишини силерди уруп сабасын деп остургон эмес, ашып ташып жаткан кучунорду пайдалуу нерсеге чыгаргыла, алсыздарга чыгарбай
25.06.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Акмак кызганчаак болсоң иштетбей өзүң бак ал үйдө бала карап сенин тамагыңды жасап отурмак.
25.06.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир кок мээнин айынан, бироосу каза болсо, бироосунун не за что, магазини ортонуптур
25.06.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Аялын куну туну иштетип,ОЗУ арак ичип уктап жатат. Эркектердин кобу ушундай!
26.06.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,еще иштеп бакса ар балеедее шектенип ((
25.06.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аялды үйгө отургузуп бакканга кудурети,духу жетпейт дагы,кызганганына өлөсүң да кээ бир эркектердин.Аялың кандай күнөө кылса да,токмоктоп,өлтүрүүгө акы жок эр сөрөйдүн.
25.06.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эхх,жайы жаннатта болсун,коздорун жалдыратып балдары кутуп аткандыр эле,ошол алкаш эрин бала чакамы элден кем кылбай багайн деп талаалап келип иштеп журот эледа байкуш.жаман иш болуптур...
Татыктуу жаза алсын эми Эр сорой
25.06.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Просто ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-25 15:05:21
25.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
almanbetperm, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
25.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял заты мынчалык кор болбосо!Ар күнү
жаман кабар...Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты,ошол элдин эркегине кой айыпты дейт...
25.06.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эртеңки кыздарыбыздын тагдыры эмне болот?Ар бирибизде кыз бар алардын ушундай тагдыр күтүп турбайт деп ким кепилдик берет?
25.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХХХХХ орустардын токмогун жеп. Кызга жаман болуптур алда бироонун баласыда, кызганбай олуп калгыла алкаштар
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-25 14:54:48
25.06.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озундун жанынды багалбагандан кийин айланганы кызганасынбы?? Ойу жамандын озу жаман болуптурда...ошончолук кызганат экенсин озун иштебейсинби?? аялынды уйго отургузуп койуп..
25.06.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуга окшогон акмактардын кесепети башкаларга тийип атат да.ботон жерде эптеп тирилик кылып жургондо
25.06.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай эркек соройлор бар, кечиргиле кыргыз аялзаты!Айланганы анан кыргыз кыздарын кызганып ур токмокко алып башка улуттун окулдоруно уят болобузбу? Озубуз бага албагандан кийин. Чет жерде да кыргыздын душманы кыргыз. Акмак эле элбиз кыскасы
25.06.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХ ошол жакта коросун аялындан кызганганыны
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-25 17:26:05
26.06.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул келин күйөөсүнүн жемесине чыдабай өзүн өзү өрттөп салган окшойт.
27.06.2018. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганыч оору сыяктуу элего,бала кезден эле башталат.өзүнө өзү ишенбеген эркек кызганат.көп нерсе тарбиядан болотко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: