Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жогорулатууну көздөгөн парламенттик угуу өтүүдө



Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын контролдоо боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
Аталган мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартибин аныктоо, тактоо. Коомдук угууга депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.