super.kg logo

Биринчи вице-премьер эмне үчүн акимдер жана айыл өкмөт башчылары сөгүш албашы керектигин айтты

 

Кубатбек БороновАйыл өкмөт башчылары менен акимдер салык аз жыйналганы үчүн сөгүш албашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жогорулатуу маселесине арналган парламенттик угууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутаттар жана парламенттик угуунун катышуучулары акимдер көп учурда өздөрүнө тиешеси жок иштерге жооп берип калып жатканын билдиришти.

Коомдук ишмер Рита Карасартованын айтымында, салык чогултуу тармагында жергиликтүү бийликке тийиштүү бир топ маселе бар.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: “Салык пландагыдай чогулбагандыгы үчүн айыл өкмөткө сөгүш жарыялоо туура эмес. Алар каршы турса болот. Учурда 453 айыл өкмөттүн 82 пайызы чынында эле дотацияда отурат. Бул жерде көп маселе бар. Мен аймактарды өнүктүрүү боюнча экинчи топту жетектеп жатам. Бул мыйзам 5 жылдан бери аткарылбай турган экен. Силер менен биргеликте ушул көйгөйлөрдү чечүүгө даярбыз”, - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акимге акча топтобой койгон же туура эмес жагын айткан айыл өкмөттөр сөгүш алат
25.06.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айыл окмоттору коррупцияга баткан. Салык чогултканды коюп мамлекет болгон акчаларды жээбей иштеп берсе гана. Мисалы Тондогу Тогуз-Булак айылына сууга деп болгон акчаны айыл окмоту жээп коюп эл сууга жетпей отурат. Мектепке берген акчаны жээшип салган мектеби 5 жылга жетпей чирип, балдар клубда окушат. Жолдун да акчасын чонтонуно салышкан.Сøгуш бербей камаш керек элдин ырыскысына кол салгандарды
25.06.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сууга,мектепке берилген акча айыл өкмөттүн казынасына түшбөсө керек курулуш компанияларга берилсе керек
25.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, бары чогулуп жээп коюшат, айыл окмоту, мектеп директору, аким, курулуш компаниясы. анан булар бири бирине куда соок, туугун болушат. текшеруу болсо комиссия, соттордун тамагын майлап коюшат. Эл арасынан ачык айткан жигит болсо милиция чакыртып каматып, сабатып журогунун ушун алып коюшат. Тондун Тогуз-Булагында ушундай эле. Менимче мындай иштер бардык айылдарда эле бар.
aiymjan7 түзөттү 2018-06-25 16:23:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: