super.kg logo

Аалы Карашев айыл өкмөттөрдүн түзүлүшүн, тарыхын айтып берди

 

Аалы Карашев"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары 20 жылдан бери чечилбей келет" деп бүгүн, 25-июнда парламенттик угууда депутат Аалы Карашев айтты.

Депутат өз алдынча башкаруу органдары кантип пайда болуп калганын айтып берди.

“Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын 20 жылдан бери тактай албай келе жатабыз. Мен ушул тармакта иштеп калган адам катары бир-эки маалымат айта кетейин.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1996-жылы түзүлүп, иштеп келүүдө. Буга СССР тарап, мамлекеттин мүлктөрү кароосуз калганы негизги себеп болгон. Ири курулуштар таланып, тонолуп, кирпичине чейин сатылып баштаганда мүлктөрдү коргоочу, кароочу бир орган керек болгон. Ошондо бул милдетти, жоопкерчиликти жергиликтүү элге тапшыруу чечими кабыл алынган", - деди Карашев.

Учурда Жогорку Кеңеште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча парламенттик угуу өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: