super.kg logo
  Спорт  

Тагдыры чечилген командалар. Оор абалдагы Месси, үмүт шамын жандырган Неймар жана Кроостун голу

 

25-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру Польша-Колумбия беттеши менен аяктады. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында плей-офф баскычына 16 команда өтөт, азырынча 2 турдун жыйынтыгында 6 курама команда алдын ала плей-офф баскычына өтө алса, 9 команда плей-офф баскычы үчүн жарыштан четтетилди.

Плей-офф баскычына өткөн командалар

Аалам биринчилигинин плей-офф баскычына Орусия, Уругвай, Франция, Хорватия, Англия жана Бельгия курама командалары өттү.

Орусия курама командасы укмуштуу оюн көрсөтүп алгачкылардан болуп плей-офф баскычына өтө алды. Алгачкы беттеште Орусия курамасы 5:0 эсеби менен Сауд Арабияны, андан соң Египет курамасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Бул жыйынтык менен Орусия 6 упай менен кийинки этапка өттү. 3-турда Орусия Уругвай курамасы менен беттешет.

Уругвай курамасы 1-турда Египетти 1:0 эсеби менен андан соң Сауд Арабия курамасын 1:0 эсеби менен утуп 6 упай менен плей-офф баскычына өттү.

Франция курамасы "С" тайпасынын мыкты командасы болду, ал алгачкы беттеште Австралия курамасы 2:1 эсебинде, андан соң Перу курамасы 1:0 эсебинде утуп алды. 3-турда Франция курамасы Дания менен кез келет.

Хорватия курамасы "D" тайпасынын лидери болду, 1-турда Нигерияны 2:0 эсебинде утуп андан соң Аргентинанын үстүнөн 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Кийинки турда хорватиялыктар Исландия менен беттешет.

Англия менен Бельгия курамалары "G" тайпасында ийгиликтүү беттештерди өткөрүп плей-офф баскычына өтө алышты. Англия курамасы Тунистин үстүнөн 2:1 эсебинде жеңишке жетип, Панама курамасын 6:1 эсебинде утту. Ал эми Бельгия курамасы Панаманы 3:0 эсебинде утса, Тунисти 5:2 эсебинде утуп алды. 3-турда Англия менен Бельгия командалары күч сынашмакчы.

Плей-офф баскычына өтпөй калган курама командалар

2-турдун жыйынтыгында 9 курама команда плей-офф баскычына өтпөй калышты. Алар Сауд Арабиясы, Египет, Марокко, Перу, Коста-Рика, Түштүк Корея, Тунис, Панама жана Польша курама командалары. Аталган командалар 2 беттеште жеңилүү ызасын тартып упайларга ээ боло алган жок.

Тагдыры чечиле элек фавориттер

Аргентина

Месси жана команда азыркы учурда оор абалда турган кези. Аргентина курамасы 2 беттеш өткөрүп 1 упайга гана ээ болду. Хорхе Сампаолинин шакирттери алгачкы беттеште Исландия курамасы менен 1:1 эсебинде ойноп, андан соң Хорватияга 0:3 эсебинде утулуп калды. Мындай жыйынтык менен Аргентина "D" тайпасында 1 упай менен акыркы орунду ээлеп жатат. Эми Аргентинанын тагдыры 3-турда чечилет, анда Аргентина 3 упайга ээ Нигерия менен беттешет. Аргентинага кийинки этапка өтүш үчүн Нигерияны утуш керек, ал эми "D" тайпасындагы Хорватия-Исландия беттешинде хорватиялыктар жеңишке жетиши керек.

Бразилия

Бразилия курамасы алдыңкы фавориттердин бири болуп келген, бирок бразилиялыктар көбүнүн ишеничин актаган жок. Алгачкы беттеште Швейцария менен 1:1 эсебинде ойноп, 2-беттеште бразилиялыктар Коста-Риканы кыйынчылык менен утту. Коста-Рика менен беттеште Коутиньо менен Неймар акыркы мүнөттөрдө гол киргизип командасын сактап калды. Коутиньо кошумча убакыттын 1-мүнөтүндө гол киргизсе, Неймар кошумча убакыттын 6-мүнөтүндө киргизди. Бул эки футболчунун голу болбосо Бразилиянын плей-офф баскычы тууралуу кыялдары гана калмак. Бразилияга плей-оффко өтүш үчүн кийинки беттеште жеңиш же болбосо тең чыгуу гана жетишет. 3-турда бразилиялыктар Сербия курамасы менен беттешет.

Германия

Учурдагы Дүйнө чемпиондору Германия курамасы алкачкы беттешинде өз оюнун таба албай, Мексика курамасына 0:1 эсебинде утулуп калды. 2-турда Йоахим Левдун шакирттери Швеция менен болгон оор беттеште жеңишти акыркы мүнөттөрдө гана илип кетишти. Германияны Тони Кроос сактап калды. Акыркы мүнөттө коюлган айып соккуну мыкты аткарып, командасына 2:1 эсебинде жеңиш алып келди. Кийинки турда Германия Түштүк Корея менен беттешип, плей-оффко өтүү үчүн жеңишке жетиши керек.

Испания, Португалия

"В" тайпасында плей-оффго жолдомо үчүн азырынча 3 курама күч сынашууда. Бул тайпада 1-орунду 4 упайдан топтогон Испания менен Португалия курамасы талашып келе жатса, 3-орунда 3 упайга ээ Иран курамасы жайгашкан. Иран курамасы алгачкы турда Мароккону утуп алса, Испания менен Португалия 3төн гол киргизип 1 упайды бөлүшкөн. 2-турда Испания курамасы 1:0 эсеби менен Иранды уткан, бирок бул беттеш испан футболчулары үчүн оор болду. Иран курамасы татыктуу каршылык көрсөтүп, чабуулдарды ийгиликтүү аяктоого мүмкүнчүлүк бербей жатты. Анда Испанияны Диего Коста 2-таймда киргизген голу менен гана сактай алды. Ал эми, Португалия 2-турда кыйынчылыксыз Мароккону 1:0 эсебинде утуп кеткен. Роналду беттештин 4-мүнөтүндө айырмалана алды. Бул тайпанын тагдыры 3-турда чечилет, бардык команда жолдомо алуу үчүн жеңишти камсыздаш керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
25.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аргентина женилсе экен. Россия чемпион болсо өтө сонун болот
25.06.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tyty1990, Россияга шанс жок
25.06.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,Россия чемпион болгондон эмне пайда,КР болсо бир жон.
25.06.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Испания менен Португалиячы
25.06.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mers124, алардын тагдыры дагы бугун чечилет
ArgenMers түзөттү 2018-06-25 16:43:03
25.06.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Месси уят кылба эми
25.06.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр бул чемпион болот деп талаша бербейли 4 команда калган учурда тартышабыз
26.06.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы Неймар админ ! Коутиньо эки матчта бирден гол киригизип командасын Алга суйроп атат .тактап жазгылачы.
26.06.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsa30,
Саламатсызбы! Маалымат туура жазылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: