Өлкөдө 5 ай аралыгында 32 адам сууга чөгүп каза болду. Кырсыктын көбү Чүй облусунда катталган
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан тарта сууга чөгүп каза болгондордун саны 32ге жетти. Алардын 20сы эркектер, 4өө аялдар жана 8и бала. Каза болгондордун көпчүлүк бөлүгү Чүй облусунда катталган.
Маалыматка таянсак, мындай окуялар көпчүлүк учурда жарандардын этиятсыздыгынан, тактап айтканда, мас абалында сууга түшүп, кайык, катамаран жана башка ушул сыяктуу сууда жүрүүчү каражаттарды колдонгондон улам келип чыгат. Айрым учурда билбестиктен да кырсык орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.