super.kg logo
  Саясат  

АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча келишимди денонсациялоо маселесинде депутат Урмат Аманбаеванын ордуна башка депутат "каршы" деп добуш бериптир

 
“Манас” аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда депутат Урмат Аманбаева үчүн башка бир депутат добуш берип коюптур”. Бул сөздү парламенттин 26-июндагы жыйынында депутат Максат Сабиров айтып чыкты. Ал билдиргендей, добуш берүү учурунда Урмат Аманбаева жыйында жок болчу. “Ал мага ишеним катын таштап кеткен, бирок мен дагы ал учурда жыйынга катыша албай калгам. Урмат Аманбаева үчүн кимдир бирөө “каршы” деген добуш берип коюптур”,- деди Сабиров. Эске сала кетсек, 20-июнда ЖКда “Манас” Эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир мекемелер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган болчу. Анда аталган транзиттик борборду өлкөдөн чыгарууга 91 депутат "макул", 5 депутат "каршы" добуш берген эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: