super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыздын Санкт-Петербургдагы консулдугуна 10 күндөн бери чалып жооп ала албай жатам. Нааразычылык көп" дейт окурман

 

"Эгер консулдуктар мигранттар жардам сурап кайрылганда жардам бербесе, алардын эмне кереги бар? Эмне үчүн өкүлчүлүктөрдү ачып, андагы кызматкерлерге акча төлөнөт?" - деп бул ирет Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан Сыргак Мырзабек уулу "Элдик кабарга" билдирди.

Анын айтымында, бул шаардагы мигранттар консулдукка кайрылып, жаралган маселелери боюнча жооп ала албай убара тартып келишет.

"Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу менен өзүм 15-июндан бери байланыша албай жатам. Чалууларга жооп беришпейт. Интернет аркылуу да көптөгөн суроолор келип түшкөнү менен бирине да жооп жазылбайт. Чет жерде жүргөн Кыргыз жарандарынын таянычы болгон өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлер ушундай кайдыгер мамиле жасаса, бир жагынан ыза болсоң, экинчи жагынан кыжырланасың. Барсаң дайыма эшиги бек турат, биз кандай аракет көрүшүбүз керек, мекемени көзөмөлгө алгандар барбы?" - деген ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
25.06.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ тууганым бир эле силердин шаарынарда эмес бут эле орусия боюнча эле элчиликтер ушундай качан барба эшиги бек чалсан жооп бербейт анан айкырышып жооп беришет кайсы бети менен айлык алып отурушат билбейм колдон келсе жоюп эле салыш керек болбосо союп салыш керек элдин эсебинен айлык алып иштебегендерди .
25.06.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишин тушбосун да
25.06.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Cанкт-Петербургта эле эмес Москвада деле ушундай.Барсан очередь анан оздорун тим эле ГосДумада отургандай сезишет.ГосДумада деле мынчалык эмес болуш керек.Ушундайбызда анан айылдан келип алып тааныш билиш аркылуу жакшы ишке орношуп алып анан...Бирле алар эмес даже авиабилет саткандар канча каадаланышат.Баарын алмаштырып арыз жазайын десен баары ичтен ириген тааныш билиш анан коррупция болуп чыгат.Карга карганын козун чукубайт дегендей эле.Жаль.
25.06.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Питердеги консулдун кишилери чисто бизнес учун отурушат. 7-8 минге миграционка таза алып келип ьерет. Уйдо жата бересин)))). А мындай серьезный вопросторго олуп баратышса да жооп ьеришпейт.
25.06.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер ушул койглйду силер тезираак жеткирбесенер булар аябай эле мен менсип кеткен Консулдукта иштегендер.
Жогоруда айтмакчы булардын пайдасы карапайым элге тийбесе кимге керек.
Бекерден мамлекет буларга акча коротуп жатат.Мендагын мурдагы жылы москвада кызым торогондо документ иштери м.н бутурмок турсун байланыша албай койгом.Айла жок нагына бутургом.Так что конул бурбаса консулдуктар вобще эле киши таанышпайт.
25.06.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйналбай ката кылбай Кыргызча эле жазышса болмок экен.Москвада да силерге окшогон эч бир пайдасы жок он беш жылдан бери өзгөргөн жок балким айлыктары көтөрүлгөнү болушу керек А бирок иштебейт .Чоң аталарынан калган хан сарайда отургансып нормальна кабыл алышпайт.Адамча суйлошуп эле эмес вечно элчинин эшиги жабык!Кабинетине койондун портретин илип өзу Дубайда чалкалап жатат окшойт!
25.06.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо буларга кимдер чара корот?тиешелуу органдарга жеткирип койушунуздарды суранам
25.06.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да москвадагы консульствого кайрылгам выдворение боюнча анан 1500р берсен фмс тин базасынан каратып беребиз за что выдворение экенин дешти .Анан бир жума отту эки жума отту. Чалсам алышпайт кайра озум бардым .Акчаны алган кишиге жолуксам тиги биздин киши фмске барбай ичип журуп алыптыр дагы куто тур дейт.Кутпойм нетпейм келе акчамды бер деп алдымда экинчи желкемдин чункуру корсун деп чыгып келе бердим. Чын эле супер териштиргилечи пайдасы жок эмне иштеп журушот.?
25.06.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматттуу окмот, неге ушундайларды карабайсынар, элди тажатып бутушту го булар, элчилик, консульство дегендердин ишин бир текшерип, элге кызмат кыла турган кылгылачы, болбосо жаап салгыла (дагы кайталайм: 2008-жылы ушулардын айынан депортация болуп кетишиме аз калган), барсан асмандан тушкондой мамиле жасашат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: