Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министрлиги Сапар Исаковдун идеяларын пайдаланып жатканын айтты
"Силер алып келген бул долбоор Сапар Исаковдун "Таза Коомго 40 кадам" программасында бар эле", - деп бүгүн, 25-июнда депутат Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге айтты.
Момбековдун пикиринде, Саламаттыкты сактоо министрлиги программаны кооздоп жаза бербей, реалдуу кадамдарга барышы керек.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин буга чейинки программасынын бири да ишке ашкан жок. Бул факт. Элдин азыр эки эле диагнозу бар. Талаадан өлсөң - арактан өлдү дейт. Ооруканада өлсөң - рактан өлдү дейт. Кайсы программаны ишке ашырдыңар? Силер алып келген идеялар мурунку өкмөттүн "Таза Коомго 40 кадам" деген программасында жазылган.
40 сөзү ыйык. Мына ошол өкмөт кырсыктады. ЖЭБ кырсыктады. Темир Жумакадыров кырсыктады. Өкмөт баары кырсыктап, жарымы камакта отурат. Мындай ыйык сөздөрдү пайдаланууда этият болсоңуздар. Сиз жазган программага "Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө" деген сөздүн эмне кереги бар? Реалдуу иштерди жасабайсыздарбы" - деди Момбеков.
Учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети саламаттыкты сактоо системин 2019-2030-жылдарга карата өнүктүрүү программасын талкуулоодо.




1 |