super.kg logo
  Спорт  

Бомбардирлердин тизмесинде 1-сапты Гарри Кейн ээлеп жатат, 2-орунду Криштиану Роналду менен Ромелу Лукаку бөлүшүүдө

 
Бүгүн, 25-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 3-туру старт алат. Буга чейинки 2 турдун алкагында 32 беттеште футболчулар 85 гол киргизгенге жетишкен. Алардын ичинде 14 гол пенальтиден кирсе, 5 голду футболчулар өз дарбазасына киргизип алууга үлгүргөн.

Гарри Кейн - 5 гол

2 турдун жыйынтыгында бомбардирлердин тизмесинде 1-орунду англиялык Гарри Кейн ээлеп келүүдө. Англиянын 24 жаштагы чабуулчусу Тунис менен беттеште 2 гол киргизип, Панама менен беттеште 3 гол киргизгенге жетишкен. Бул жыйынтык менен ал азырынча сап башында турат.

Криштиану Роналду, Ромелу Лукаку - 4 гол

Бомбардирлердин тизмесинде 2-орунду португалиялык Криштиану Роналду жана бельгиялык Ромелу Лукаку талашып келүүдө. Роналду 1-турдун алкагында Испания менен орун алган беттеште 3 жолу айырмаланып, 2-турда Марокконун дарбазасына 1 гол киргизген. Ал эми Лукаку Панама курамасына 2 гол жана Тунис курамасына 2 гол киргизген.

Денис Черышев, Диего Коста - 3 гол

3-орунда 3 жолу айырмаланган орусиялык Денис Черышев жана испаниялык Диего Коста жайгашкан. Денис Черышев Сауд Арабия менен болгон беттеште 2 гол жана Египет менен болгон беттеште 1 гол киргизген. Ал эми Диего Коста Португалиянын дарбазасына 2 гол жана Ирандын дарбазасына 1 гол киргизген.

2 гол киргизген футболчулар

Андан тышкары 2 гол менен Артём Дзюба (Россия), Фелиппе Коутиньо (Бразилия), Лука Модрич (Хорватия), Эден Азар (Бельгия), Ахмед Муса (Нигерия), Миле Единак (Австралия) жана Жон Стоунз (Англия) айырмаланышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.06.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рон давай газды бас
25.06.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рон бугун кудай буйруса хет трик жасайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: