Декларация: Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "2012-жылы тапкан кирешем 806 986 сом" дейт

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу декларация тапшырды. Декларацияда министрдин 2012-жылы негизги иш ордунан 806 986 сом тапканын көрүүгө болот. Үй-мүлкү тууралуу министр эч кандай маалымат берген эмес. Ал эми Бороновдун жакындары 2012-жылы 423 000 сом киреше тапса, аларга таандык 500 чарчы метр аянтты ээлеген 1 дача бар. Ошондой эле кайсы бир компаниянын 50 пайыздык акциясына ээлик кылышат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

