super.kg logo

Депутат Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу боюнча коомдо сын-пикирлер көп болуп жатканын айтты

 

"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу качан аяктайт?" - деп бүгүн, 26-июнда "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кайрылды.

Ал аталган курулуш тууралуу коомдо сын-пикирлер көп экенин эскертти.

"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 3 фазага бөлүнүп курулат. Анын биринчи фазасы 154 чакырымдан, экинчи фазасы 96 чакырымдан турат. Аталган эки фазага 700 миллион доллар бөлүнгөн. 3 фазанын тендери аягына чыгып калды. Биз график боюнча иш алып баруудабыз. Акча жеп коюптур деген сөздөрдү угуп жатам. Эртең ушул сыяктуу такталбаган маалыматтарды жоюу максатында журналисттерге 2 күндүк пресс-тур уюштуралы деп жатабыз", - деп жооп берди Калилов.

Учурда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети жол курууну каржылоо боюнча келишимди талкуулоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.06.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2018-жылы күз мезгилине бүтөт деп баштаган болчу, эми мынтип так жооп айта албайтат, утуп алган компанияга талапты койгула келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтдө бүтүшү керек.
keba300989 түзөттү 2018-06-26 11:55:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: