super.kg logo

Ош шаарындагы эс алуу борборунда мушташ чыгып, жабыркагандардын жаак сөөктөрү сынып кеткен

 

Ош шаардындагы эс алуу борборлорунун биринде мушташ чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июнь күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Петров кѳчѳсүндѳ жайгашкан эс алуу борборлорунун биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн. Оперативдүү тергѳѳ тобу окуя болгон жерге барган учурда жабырлануучулар белгисиз адамдар эч себепсиз токмоктошуп, из жашырып кетишкендигин айтышкан.

"Жабыркагандардын экѳѳнүн жаак сѳѳктѳрү сынып, бирѳѳ жеңил жаракат алгандыгы аныкталды. Ош ШИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлери 25-июнь күнү бул кылмышка шектүү катары эки тургунду кармашкан. Алардын бири Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну, ал эми экинчиси Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Р. Кармалгандардын экинчиси Ж.Р. ИИМдин атайын тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчѳсү катары тургандыгы анык болду. Учурда тергѳѳ кызматы тарабынан 234-берененин "бейбаштык" негизинде кылмыш иши козголуп, тергѳѳ амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучулардын алган жаракатын аныктоо үчүн атайын экспертиза дайындалды", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: