Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн ээлери кимдер болгону айтылды
"Дача-СУга кулаган учактагы жүк кимдики болгон?" Мындай суроо менен депутат Кубанычбек Жумалиев транспорт жана жолдор министрине кайрылды.
"Эми ачыгын айтыңызчы, кулаган учактагы жүк кимдики болгон? Себеби коомчулукта түрдүү кептер жүрөт. Биздин жарандарга тийиштүү жүк беле?" - деди Жумалиев.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жүк боюнча кырсыктан кийин эле маалыматтар берилгенин айтты. "Учактын аман калган бөлүгүнөн жүктүн кимге тиешелүү экени боюнча документтер чыккан. Анда Испания, Араб өлкөлөрү жана башка мамлекеттердин жарандарынын жүктөрү бар болгону жазылган. Тизмеде Кыргыз жарандары жок. Анда Орусия, Украинанын жарандары да бар экен. Биз ошол маалыматтарды коомчулукка таратканбыз. Бирок биз айткан маалыматтарга жакшы көңүл бурулган эмес. Баарыбыз көргөндөй, жүктүн баары чачылып, күйүп кеткен", - деди министр.
Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөлөрү көз жумган. Ал учакта 85 тонна жүк болуп, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан.


Ал эми ошол жуктун ээсин Сокеден сураш керек, анткени Соке Окмот жетекчиси болчу ошол убакта... Соке жаап жашырган аташкасына кошулуп...
Калилов болсо аныкХХХХХХХХХ, самолеттогу жук Кыргызстанга келе жаткан 80 тонна контрабандалык жук болгон...
Б.а. 3 ай тынбай жук ташыган Кыргызстанга, самолёт ар 2 кундо Бишкектен Гонконго барып кайра келип калып турган...
Манас аэропортунда сакталып турган электроникалык буюм, смартфон, планшеттер да ошол контрабандалык жуктун бир болугу болгон...
Эми "самолёт Бишкектен Стамбулга учмак, керосини тугонуп калыптыр, жук биздики эмес" деген жомокторун озунун балдарына айтышс
Эскертүү! Далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган! Билдирүүлөр өчүрүлдү!