super.kg logo

Жайдын аптаптуу күнүндө дүйнө жүзүндөгү эң кооз бассейндерге саякат

 
Жайдын ысык күнүндө ар бир эле адам көлдүн же болбосо бассейндин жээгинде эс алууну кааласа керек. Жөн гана сууга түшүүгө шарт түзбөстөн, аны жаратылыш менен айкалыштырып укмуштуудай эс алуучу жайларды курган өлкөлөр четтен чыгат. Дал ушул көз жоосун алган кооз бассейндерге бирге назар салалы.

San Alfonso del Mar Resort

Аталган мейманкана Чилиде жайгашып, эң чоң бассейн менен жабдылган. Бассейндин аянты 8 гектарга жетип 250 куб метр деңиз суусу менен толтурулган. Суу түз эле Тынч океандан алынып, тазаланып жана керектүү температурага чейин ысытылып анан берилет. Бул бассейнде сууга гана түшпөстөн кайыктарда да эс алууга болот. 2006-жылы аталган жер дүйнөдөгү эң чоң бассейн деп табылып "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.

Мarina Bay Sands Hotel

Кийинки бассейн Сингапурдагы Marina Bay Sands Hotel мейманканасында жайгашкан. Мейманкана өзгөчө курулган. Анда бир нече бассейн жана бакчалар жайгашкан. Негизги бассейн 55-кабатта жайгашкан. Жерден 200 метр бийиктикте жайгашкан бессейндин четиндеги тосмолор байкалбайт, ошол себептен суу имараттын сыртына агып жаткандай көрүнөт.

Швейцариядагы Кембрий мейманканасы

Чакан жаратылыш коюнунда орун алган мейманкананын өзгөчөлүгү бул жылытып туруучу ачык асман алдындагы бассейн болуп эсептелет. Бассейнде ар кайсы мезгилде сууга түшүүгө мүмкүн. Бассейнге түшүп жаткан эс алуучулар Альпы тоолоруна суктанууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ubud Hanging Gardens

Балидеги жунгли токойлорунда жайгашкан бул мейманкананын бассейндери адамды суктантпай койбойт. Ар бир кабатка өзүнчө салынган ачык бассейндер өзгөчө дизайнда жасалган. Жалпысынан бул мейманканада 38 бассейн орун алган.

Hacienda Na Xamena
Ибицада жайгашкан 5 жылдыздуу Hacienda Na Xamena мейманканасынын бассейни дүйнөдөгү эң мыкты жана кооз бассейндердин бири болуп эсептелет. Мейманкана анча чоң эмес, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Жасалгаланышы табигый болгондуктан жаратылыштан эле өзү пайда болгондой сезим калтырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.06.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суктаныштан башка айла жок,
26.06.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунчалык онугуп кеткен ээ дуйно жузу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: