Вице-премьер: "Ош базарындагы" өрттөн зыянга учураган 488 ишкерге 10 миң сомдон берилди"
Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы чыккан өрттөн улам соодагерлер жалпысынан 752 миллион сом зыянга учураган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров айтты.
Анын айтымында, өрт фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатат.
"Ош базары", Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан чыккан өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Жалпы чыгым 752 миллион сомду түздү. Анын 16 миллион 400 миң сому Жалал-Абад базарына тийштүү болсо, калган чыгым Бишкектеги "Ош базарында" чыккан 3 жолку өрттөн келип чыккан. Бишкек мэриясынан зыян тарткан 488 ишкерге 10 миң сомдон берилди. Жалал-Абаддагы ишкерлер болсо убактылуу салыктардан бошотулду. Буга чейин өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн базардагы ишкерлер 625 миң сом айып пул төлөгөн", - деди Аскаров.
Учурда парламенттик комитет жогорудагы айтылган өрттөрдөн зыян тарткандарга көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышын талкуулоодо.
кошулду


Орт болгондо атайы орттолуптур деген версия болуп жатты эле го, Берекенин 3 жеринен орт башталган деп... Ошол куноолуулорду таап, ошолорду кустурбайбы?!! Ош базарында 3 жолу кайра кайра орт болуусу тегин жерден эмес, бул заказной орттолуп жатат. Ошол заказчикти таппайбы бийлик?!!
Биринчиден ал куйгон жерлер калыбына келтириле элек болсо, орттон жабыр тарткандарга башка жерден орун берген кундо да колунда акчасы жок, оздорун сатышабы?!!
Тимеле кыйратып жардам берип койгонсуп отурат бийлик!!! Сокенин коррупцияга кекиртегине чейин баткан бийлиги...