super.kg logo

Атамбаевдин портрети. Илмияновдун үстүнөн жазылган арызды ИИМ карашы мүмкүн

 

Сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга жазган арызды артка кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сүрөтчү өзү билдирди.

Анын айтымында, "алдамчылык" боюнча ишти УКМК эмес, ИИМ карайт экен. "Жакын арада ИИМге арыз жазышым мүмкүн. Мага карата эч кандай коркутуулар болгон жок. Байланыштар болуп жатат. Мен Илмияновду кечирип, бул теманы унутайын дегем. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мага каршы пиар-кампания башталган. Илмиянов менен жекеме жеке жолугушуп сүйлөшүп чекит коюу ниетим бар", - деди сүрөтчү.

УКМК Илмияновдун үстүнөн түшкөн арыз артка кайтарылган же кайтарылбаганын сүрөтчүнүн өзүнөн суроо керектигин айтты.

КСДП аталган арыз артка кайтарылганы тууралуу маалымат партияга түшкөнүн ырасташты.

Айта кетсек, сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.06.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илмиянов баарын алдаган сени жон эле алдайт да этият бол ал мамлекетти аябаган сени аябашы турган кеп, акча учун баарын жасап келген бул жагын да эске алышын керек ал мамлекеттин эсебинен байып жашаган адам мындайлар жамандыктан кайтпайт.
27.06.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага каршы пияр компания деп)) бул жигит озун ким сезип алган? атын чыкпаса жер ортто.
27.06.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай озун ким сезип алган? Бул да жараан, аты чыккан суротчу. Илмиянов эркек болсо качпай, эрте бутурмок ушул ишти АШАнын тогулгон кадыр баркын ого бетер токпой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: