super.kg logo

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетти (өмүр баяны)

 

Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кубат Оторбаев кызматынан өз каалоосу менен 26-июнда кетти.

Оторбаевдин кызматтан кетип жатып жасаган кайрылуусу:

"Акыйкатчы катары өз ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимине келдим. Ар бир жаран жана мамлекеттик кызматкердин билими жана иш тажрыйбасы башка тармакка керек болгон кез келет, ошол тармакта адам өлкөгө чоң салым кошуусу мүмкүн. Ошондой учур мага да келип олтурат. Бул ойлонулган, таразаланган чечим жана өз эрким менен кабыл алдым.

Мен иштеген 2 жарым жыл аралыгында элдин аярлуу катмарына жөлөк болуп, алардын датын, арманын уктук, юридикалык кеңешибизди бердик, ар кыл жардамдарды көрсөттүк. Сот, прокуратура жана күч органдарынан акыйкаттык таба албаган адамдар бизге кайрылып турушту, аларга көмөк кылып, укуктарын коргоп бердик", - дейт Оторбаев.

Айта кетсек, Кубат Оторбаев президентке кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну жана Карганбек Самаковду актоону суранган.

Оторбаев Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланып, бүгүнкү күнгө чейин аталган кызматты ээлеп келген.

Кубат Оторбаев 1972-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында жарык дүйнөгө келген.

Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1994-2000-жылдары — "Асаба" гезитинин корреспонденти, башкы редактордун орун басары;

2000-жылы — "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору;

2000-2002-жылдары - Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча IWPR Британ институтунда стрингер;

2002-2005-жылдары - "Азаттык" радиосу менен Интернет-сайттын корреспонденти жана редактору;

2005-жылы — "Азаттык медиасынын" директору;

2010-жылы — Коомдук телерадио корпорациясынын убактылуу башкы директору;

2010-2014-жылдары — Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору болуп дайындалган.

2015-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп иштеп келе жаткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
26.06.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мамлекетте акыйкат болбосо акыйкатчынын эмне кереги бар.Озу да иштегиси келбесе керек да.Акыйкат издеп Текебаев ж.б башкаларды коё беруусун отунгон эле
26.06.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура акыйкат жок,акча бар жерде адилеттик жок бизде
26.06.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо омур баянында: Оторбаевтин юридикалык билими дагы бар экенин да жазбаптырсыздар. Эмнеси болсо да кийинки жашоосуна ийгилик! Олконун онугушуно салым кошо турган саясатта таза адамдардын бири.
26.06.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ailino, кыйратпады ачыгы... КТРКны жетектеп турганда бийликтин буйругун аткарган бири болуучу, эч кандай мактоого татыксыз бири... Кетип туура кылыптыр...
26.06.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир эле суроо: акыйкатчы болсо эмнеге Садыр Жапаровду актоону, эч болбосо ырайым кылууну суранбайт? Текебаевге сураган эмнеге Жапаровго суралбайт?
27.06.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле убагында эч кимди тенине алышпайт качан бийликтен кеткенде же камалганда анан мен муну кылгам аны кылгам деп болоор болбос иштерин колкоо кыла башташат как будто бекер иштегенсип ээх саясат.
27.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да иш козголо электе чызайын деп жатса керек да.
27.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук жазсанар боло омур баянын, жазганга жараша. Ат-башы районунуна караштуу Казыбек айылында торолгон. Калганын айтпай эле коеюн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: