super.kg logo

Орусияда өрттөнүп каза болгон Кыргыз келиндин күйөөсүнүн күнөөсү далилдене элек

 

Орусияда өрттөнүп каза болгон Кыргыз келиндин күйөөсүнүн күнөөсү азырынча далилдене элек. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү Миграция кызматынын өкүлчүлүгү жана элчиликтин кызматкерлери окуяны такташ үчүн тийиштүү органдарга жана оорукананын дарыгерлери менен жолугушкан.

Бул кылмыш ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн айтымында, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Окуяга тийиштиги бар бардык жарандар суракка алынууда. Ошондой эле каза болгон келиндин күйөөсү Э.М. 48 саатка камакка алынган. Шектүү күйөө 26-июнда жакындарынын коштоосунда суракка алынды. Ал эми 27-июнь күнү саат 18:00 чамасында баш коргоо чарасы маалым боло турганы жазылат маалыматта.

Ошондой эле бүгүн, 27-июнда каза болгон келиндин сөөгү Санкт-Петербург-Бишкек каттамы мекенине алынып келет. Сөөктү алып келүүгө консулдук диаспора жана ысык-көлдүк мекендештер жардам көрсөткөн. Ал эми ооруканада жаткан келиндин 20 жаштагы кайнисинин абалы көзөмөлгө алына турганы кошумчаланган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: