super.kg logo

Вьетнамдагы суу ташкынынан 17 адам каза болуп, 11 адам изделүүдө

 

Вьетнамдын түндүгүндө катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болуп, андан 17 адам көз жумуп, 11 адам изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, каза болгондордун көбү Лйтаяу менен Хазянг провинцияларынын тургундары экени айтылат.

Жергиликтүү маалымат булактары болжолдуу түрдө 500 үйдү суу каптап, андан тышкары 250 имаратка залал болгонун билдирген. Учурда табигый кырсык болгон аймактан адамдарды коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө. Куткаруу жана жоголгондорду издөө иштерине жети жүздөн ашык адам тартылган.

Ал эми Вьетнам өкмөтү ташкындын кесепетинен өлкөгө 3 миллион доллардан ашык чыгым келтирилгенин айткан. Ошондой эле өкмөт өткөн жылы табигый кырсыктын жана суу ташкынынын кесепетинен өлкөгө 2 миллиард доллардан ашык чыгым келтирилип, 390 адам каза болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: