super.kg logo

ИИМдин өзгөчө маанилүү иштер боюнча башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

 

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара алган ИИМдин эки кызматкерин кармашкан. Алар тергөө башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча башчысы, милициянын полковниги М.Н.Н. жана тергөөчү, милициянын подполковниги Ж.А.А. болгон. Такталган маалыматтар боюнча, кармалган кызматкерлер кылмыш ишине шектелип жаткан жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүгө пара талап кылышкан. Анын суммасы 5 миң доллар өлчөмүндө болгон.

"Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" 313-беренеси "Пара талап кылуу" менен кылмыш иши козголду. Учурда УКМКнын тергөө башкармалыгы ишти тергеп жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.06.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эр журокго булар коррупцияга эбегейсиз курош журуп жатса бул азаматтар пара алышып или постава болдубу тушунбойсун
27.06.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды камаса жарашат ал эми Ө.Ч.Текебаевди бирда факты жок эле соттоп жиберишти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: