super.kg logo

КСДП: "УКМК Кой-Таштагы жер тилкеси "жеке жактарга сатылды" деген жалган маалыматты тараткандыгы боюнча түшүндүрмө бериши керек"

 

"УКМК Кой-Таштагы жер тилкеси жеке жактарга сатылды деген жалган маалыматты таратканы үчүн түшүндүрмө бериши керек", - деп билдирди КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

"КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн жанында жайгашкан УКМКга тийиштүү жер тилкесин сатып алды деген маалымат чындыкка дал келбестигин, жалган экенин расмий түрдө билдиребиз.

Биздеги маалымат боюнча, азыркы учурда ал жер тилкеси дагы деле УКМКнын карамагында турат. Жакында эле УКМКнын 9-кызматынын башчысы ал аймакка келип кетти. Алмазбек Атамбаевдин да, анын туугандарынын да бул жер тилкесине эч кандай тиешеси жок.

Бирок таратылган жалган маалымат коомчулуктун оюн адаштырууда", - деди КСДП өкүлү.

Эске салсак, буга чейин УКМК Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы УКМКга тиешелүү болгон жер тилкеси жеке жактарга сатылганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.06.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанды жалан эле аферисттер башкарып турганы окундурот да.Ар кимиси ар кандай айтып лапшаларды илишет,кимисине ишеништи деле билбей каласын.
27.06.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УКМКны коюп АШнын ошол жердеги жалпы 9 гектарга жеткен жер тилкелери боюнча эмне дейсинер. Дача Суудан жабыр тарткандарга жер жок деп ыйлаган ошол кездеги бийлик азыр берсин карапайым элге. Эли шорлоп турса пок барбы, Кой Ташта жамбаштап жатканга. Ансыз деле коркуп ал уйуно бара албай резиденцияда бекинип жатат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: