Инстаграмда видеобайланыш кызматы ачылды
Инстаграм түйүнүндө мындан ары видео аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү иштеп баштайт. Бул тууралуу социалдык тармактын официалдуу сайтында кабарланды.
"Эми сиз дайрект аркылуу жакындарыңыз менен каалаганча видеобайланыш түзсөңүз болот. Ошондой эле бир учурда төрткө чейин досторуңуз менен байланыша аласыз", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы функция дайрект бөлүмүндө жайгашып, сүйлөшүп жаткан учурда да байланышты токтотпой Инстаграмдын башка функциялары менен колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Тиркеменин жаңыланган версиясы Android жана IOS операциондук системдери үчүн жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, социалдык түйүн 2010-жылдан тарта ишке кирип, учурда анын колдонуучулары миллиарддан ашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Eliznuku

27.06.2018. 14:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонунго
Bekboloooot

27.06.2018. 20:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика эжебизге жакшы жаңылык болду көрүнөт хэ хэ хэ
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.