super.kg logo

Астротөлгө: 27-июнь күнү төрөлгөндөр үй-бүлөгө камкор болушабы?

 

27-июнда төрөлгөндөр эмгектенбей туруп ийгиликке жетүү мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшөт. Кооптуу жагдайга кабылса тобокелге баруудан кайра тартышпайт. Алардын алдыга койгон максаты ишеничтүү болсо, бардык күчүн ошол жакка буруп көздөгөнүнө жетүү үчүн болгон аракетин кылат. Аларды мындай учурда эч ким токтото албайт. Андыктан 27-июнь күнү төрөлгөндөр чечкиндүүлүгү менен жашоосунда көп жетишкендиктерди багындырып, атаандаштарын артка калтырат.

Атайын эрежелердин негизинде жашап, принциптерди бузгандарды жактырбайт. Ошондуктан өздөрүнүн кылган иштеринен күмөн санабай, эркин жашагандарга жакын жолобойт.

27-июнь күнү төрөлгөндөрдүн негизги сапаттарынын бири - бул өзүнүн ден соолугуна, үй-бүлө мүчөлөрүнө камкор болушат. Ички жан дүйнөсү бай болгондугу анын жакындарынын кайгысын жана көйгөйлөрүн түшүнүүгө жардам берет. Табиятынан алсыздарды коргоп, адилетсиздик, теңсиздикке каршы күрөшүүгө жаралган.

Соода-сатык тармагында күчүн сынап көрсө, сөзсүз түрдө ийгиликке жетишет. Алар эч бир кыйынчылыксыз эле музду эскимосторго жана макаронду италиялыктарга сата алышат. Бул күнү төрөлгөндөр сынды өтө олуттуу кабыл алышат. Айта кетчү нерсе, эмоционалдуулугу жана жумшак мүнөзү кээде капа кылган жагдайларга туш кылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: