super.kg logo
  Спорт  

Антонина Шевченко Дана Уайттын мелдешин утуп UFC менен келишим түздү

 

27-июнга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC'нин президенти Дана Уайттын 3-ирет өткөрүлүп жаткан Contenders Series Tuesday Night мелдеши орун алды.

Мелдештин алгачкы беттешинде Кыргыз мушкери Антонина Шевченко эрөөлгө чыкты. Антонина Шевченко 57 килограмм салмак ченинде АКШлык Жемейлин Ниевера менен кез келди. Беттештин 2-раундунда Антонина Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды. Бул жеңиш Кыргыз мушкерге эрежесиз уруш боюнча дүйнөнүн эң беделдүү уюму менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алып келди.

Эске салсак, UFC уюмунда Валентина Шевченко катышат, ал Антонина Шевченконун сиңдиси болот. Валентина Шевченко эрежесиз уруш боюнча 18 беттеш өткөрүп, анын ичинде 15 жолу жеңишке жетип 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми Антонина Шевченко буга чейин эрежесиз уруш боюнча 5 беттеш өткөрүп, анын баарында тең жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
27.06.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооо эже синдилер титиритет экен да эми UFCни.Азаматтар!!!
27.06.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красотки
27.06.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар качан турмуш курушат эми
28.06.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтсынар кыздар бишкеке келип озунорго окшогон кыздарды тарбиялап чыгарсанар экен
05.07.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbekkutibaev77, Анан кыргыз кыздарынын баары боец болуп бизди сыздатпайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: