super.kg logo

Депутат аткаминерге: "Эмне күлүп жооп берип жатасыз? Бутуңар жерге тийбей калдыбы?"

 

Аалы Карашев"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кызматтан алыш керек". Мындай сунуш бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан айтылды.

Депутат Аалы Карашев Жумакановду депутаттардын суроолоруна күлбөстөн жооп берүүсүн сурады.

Калысбек Жумаканов"Эмнеге депутаттардын суроолоруна күлүп жооп берип жатасыз? Билбейт экен деп жатасызбы? Жоопторуңузга канааттанган жокмун. Эмне кыйын болуп жатасыңар? Бутуңар жерге тийбей калдыбы?" - деп сынга алды Карашев.

Депутаттар Зиядин Жамалдинов, Таалайбек Масабиров, Талант Мамытов да маалыматтар так берилбегенин айтып чыгышты. Жамалдинов аталган мекеменин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштап, Жумакановду кызматтан алыш керек деди.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык абал боюнча талкуу болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: