Сокулукта эгиз кыздар катуу сабалып, ооруканага түштү. Аларды өгөй атасы сабаганы айтылды
Чүй облусунун Сокулук районунда өгөй ата тарабынан эгиз кыздар катуу сабалып, аймактык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"26-июнь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнөн арыз келип түшкөн. Арызда Ш.А. аттуу 35 жаштагы өгөй ата 25-июнь күнү 10 жаштагы эгиз кыздарын тарбия берүү максатында электр зымы менен сабаган. Мындан улам кыздар денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Өгөй ата 43 жаштагы кыздардын апасы менен жарандык никеде жашап келген. Бул боюнча топтолгон маалыматтар Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси "кыйноо" менен кылмыш ишин козгогон. Учурда өгөй ата убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.
кошулду


tuura aitasyz, menin ejem 36 jashynda kuioosu kaza bolup 3kyzy menen jalgyz kalgan, bir jyldan son apam tuugan uruktar turmushka chyk deshken bolchu, birok ejem jok men ogoi ataga kyzdarymdy kor kylgym kelbeit dep bolboi koigon ele, bir chetti tuura ele kylgan eken dep koiom.
Жарандык нике десе адамдар туура эмес түшүнөт, жөн эле чогу жашагандар деп. Негизи, Жарандык нике бул катталган загс бар нике.