super.kg logo

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Бишкектеги абанын булгануусу автоунаалардын көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын айтты

 

Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов Бишкек шаарындагы абанын булгануусу негизинен автомашиналардын кыйла көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын билдирди.

Жогорку Кеӊеште экология менен абанын тазалыгын коргоого багытталган “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Анда депутат Бактыбек Турусбеков Бишкектин айланасында ЖЭБ, көптөгөн өнөр жай объектилери, калктуу конуштар жайгашканын эске салып, абанын булгануусунун негизги себептерине кызыкты.

Абдыкалык Рустамов: "2013-жылы жылытуучу мештерге электр чыпкаларын орнотуу максатында 13 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Ошондон улам алардан уулуу заттардын чыгуусу 40 миӊ тоннадан 19 миӊ тоннага чейин азайды. Андан тышкары жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автоунааларга байланыштуу болуп жатканы белгилүү болду", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.06.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсени кымбаттатарда ушуга окшогон жоо жомокторду айта башташат.Жон эле бензинди кымбаттатыш керек жетпей атат дебейби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: