super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Полюс Голд Кей Жи" Кытай компаниясы алтын казууга, аны чайкоого уруксат алышкан. Алар качан ишти баштаары белгисиз" дейт Бакай-Ата районунун акими

 

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Үрмаралдын суусу аккан сайда алтын чайкалып жаткандыгы боюнча райондук администрациянын башчысы Чолпон Төрөкулов жооп берди.

"Үрмарал суусу аккан сайда учурда алтын казуу, чайкоо иштери баштала элек. Болгону кытайлык "Полюс Голд Кей Жи" ЖЧККсы мындан 20 күн мурда алтын казуу үчүн керектүү техникалык жабдыктарын алып келип, орнотуу иштерин баштаган. Алар качан казып, алтынды качан чайкай турганы азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, 2017-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тендер өткөргөн. Анда "Полюс Голд Кей Жи" ЖЧККсы Үрмарал өзөнүнөн жалпы аянты 10 гектардан ашуун аймактан алтын казып, аны иштетүүгө лицензия алган. Үрмарал өзөнүнүн батышы Ак-Дөбө айылына карап, ал жактан 5 гектардан ашуун жер бөлүнгөн. Ал эми өзөндүн чыгыш тарабы Акназар айыл өкмөтүнө карап, ал жактан дагы 5 гектардан ашуун жер тилкеси бөлүнгөн. Алтын казууда коркунуч жарата турган иштер орун албайт", - дейт аким.

Бакай-Ата райондук акими бүгүн, 28-июнда элдик жыйын өткөрүлөрүн кошумчалады.

Эске салсак, окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө: "Кытайлык компания Үрмаралдын суусунун боюнан алтын казып, аны чайкап жатат. Элге алтынды ким чайкап жатканы, жергиликтүүлөр менен кеңешилди беле, тургундарга зыяны тийбейби деген суроолордун жооптору кызык", - деп билдирүү жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
28.06.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акимият: сууну булгаганга дагы руксат алышкан деп толуктап койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: