Орусияда 8-класстын окуучусу 1,5 литр алкоголдук ичимдик ичкенден кийин каза болду
Орусиянын Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында спирттик ичимдикти ичкенден улам 8-классты бүтүргөн окуучу каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, өспүрүм кыз "жин-тоник" ичимдигинен 1,5 литр ичкен. Оор абалда ооруканага жеткирилген кыздын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.
Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, кыз ичкен ичимдик заводдун өзүндө даярдалган эмес, жасалма болушу мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.