super.kg logo

Түркиядагы отелдердин бири орусиялык турист кыздан купальникчен түшкөн сүрөтүн социалдык баракчасынан алып салууну талап кылды

 

Түркиянын Мармарис шаарындагы отелдин жетекчилиги эс алуучу кыздан купальникчен түшкөн сүрөтүн социалдык баракчасынан алып салууну талап кылды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бул талап кыз сүрөтүн жүктөп жатканда өзү жаткан ошол отелди геотег катары көрсөткөнү менен байланыштуу болгон.

Орусиялык турист Анастасия Монстовичге отель кызматкерлери өздөрүнүн мындай чечимин ислам өлкөлөрүнөн келе турган коноктордун көз карашына туура келбей тургандыгы менен, алар мындай жайга келбей коюусу мүмкүн экендиги менен түшүндүргөн.

"Түрк басылмалары бул отелдин эрежелерине ылайык, жабык кийимчен гана сүрөткө түшүүгө уруксат берилгенин жазышууда. Өз кезинде мен отелдин эрежелери менен алдын ала таанышкам, бирок андай тыюуларды көргөн эмесмин.

Алдын ала интернеттен отель жөнүндө окуганымда "пляжда купальник менен жүрүүгө тыюу салынат", "купальник менен сүрөткө түшүүгө болбойт" деген билдирүүлөрдү калтырышканын окугам. Бирок отелдин кабыл алуу бөлүмү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө андай эрежелер жок экенин, ар ким каалагандай эс ала турганын билдиришкен. Болгону спирттик ичимдиктерди ичүүгө болбой тургандыгын айтышкан", - деген Анастасия.

Жыйынтыгында Анастасия сүрөттү өчүрүүдөн баш тарткан. Буга отелдин жетекчилиги анын аты-жөнү отелдин "кара тизмесине" киргизилгенин, мындан кийин аны кабыл ала албай тургандыгын билдирген. Өз кезинде эс алып жаткан кыз бул эс алуучу жайга 2-ирет келбей турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.06.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кылыптыр купальниктерди реклама кылган го турлоп кийип
28.06.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Отельге эле эмес Туркияга кирууго да тыюу салуу керек, мындай мамлекеттин эрежесине туура келбеген иштерди жасаган адамдарды.
28.06.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отелдин ичинде тамак жегени деле купальникчен келе берет экен булар.
28.06.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кызды обсуждение кылгыча,ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-28 13:07:10
28.06.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздикилер эле жыргап калгансып,сынтагасынар
28.06.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шарлатандарга ушундай кылыш керек.Булар атасынын алдында да турсачан журо беришет биздеги атеистердин мында чала кийингендерди колдошот!Арап Арап дешип оздору каапыр болуп калганы менен иштери жок!Мусульман адам Арап эле эмес.Жакшы нерсе айтса эле Арап дешет атеистер!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-06-28 19:30:21
29.06.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek.Svoboda.,Европа мн кыргыз кыздарын салыштыруу кереги жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: