Депутат электр тармагына тийиштүү буюмдар өлкөдө жасалбай, чет мамлекеттен кымбат баада алынып жатканына нааразы болду
Республика боюнча электр энергиясын пайдаланган 1 миллион 414 миң абонент бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда парламент жыйынында улуттук энергетикалык холдингдин башчысынын орун басары Нурлан Садыков айтты.
Анын айтымында, жалпы абоненттердин 204 миңине акылдуу эсептегич орнотулган.
"Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынып жаткан 6 миллион евролук грант жана насыянын 3 миллион 300 миң евросуна акылдуу эсептегичтерди сатып алуу каралган. Бир фазалуу эсептегичтер даанасы 5 миң 800 сом турат", - деди Садыков.
Депутат Аалы Карашев алынган насыялар башка мамлекетке чыгып кетип жатканына нааразы болду. "Качанкыга чейин сырттан алып жүрөсүңөр. Бул жерде коррупция болуп жатат. Качан акылдуу эсептегич сыяктуу нерселерди өзүңөр жасай баштайсыңар? Кредитти алып эле башка өлкөлөргө берип сала беребизби? 6 жыл мурун да сырттан сатып алабыз деп жаттыңар эле. Баалар 3 эсе кымбат коюлган", - деди депутат.
Садыков акылдуу эсептегичтерди өлкө ичинде жасоого аракет кылып жатышканын айтты. "Азыр ушул багытта цех курууга аракет кылып жатабыз. Бизде бар цехтерде сапаты жакшы болбой жатат", - деди ал.
Учурда парламентте электр тармагына алынып жаткан 6 миллион евролук грант жана насыя боюнча макулдашуу үчүнчү окууда каралууда.

