Тайырбек Сарпашев: "Токтайым Үмөталиева Жети-Өгүз окуясы боюнча жалган маалымат айтып элдин башын айлантууда"
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жети-Өгүздөгү баш аламандыкты уюштургандарды жашыруу үчүн коомчулуктун башын айлантууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын учурунда айтты. Буга чейин Үмөталиева Жети-Өгүз районунда "Кумтөргө" байланыштуу жаңжалга экономика министри Темир Сариев менен вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катыштыгы бардыгы тууралуу билдирүү жасаган болчу. "Үмөталиеванын жалган маалымат таратуу аркылуу көздөгөн бир максаты бар экендиги көрүнүп турат. Аталган окуяларга чыныгы күнөөлүүлөрдү жаап-жашырууда",- дейт Сарпашев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















