super.kg logo

Менин жерим: Дарбызы менен даңкталган Шерали айылы

 

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусундагы Кара-Суу районунун Шерали айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл өзүнүн көз жоосун алган жаратылышы, мөмө-жемиштери менен даңкталып келет.

Шерали айылы тууралуу бизге ушул айылда чоңоюп өскөн Эгемназар уулу Кочкорбай айтып берди.

"Айыл - бул сөздүн түпкүрүн түшүнбөгөндөр үчүн башка маанини билдиришиАбдирайим Кулботоев мүмкүн. Себеби көпчүлүк айылдан келишсе дагы бул сөздү өз жашоолорунан алыстаткысы келишет. А мен үчүн айылым - бул менин алтын бешигим, демиме дем, күчүмө күч кошуучум. Биздин Шерали айылы Сары-Колот айыл өкмөтүнө карайт. Совет мезгилинде Ош облусундагы эң чоң Отуз-Адыр совхозуна караган. Айылдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан бул Абдирайим Кулботоев болгон экен. Ал башка айылдардан элдерди биздин айылга отурукташсын деп араба менен ташыганын аксакалдар айтып калат. "Ата өтсө уулу бар, тону жерде калган жок" демекчи Кулботоевдердин уул, неберелери азыркы тапта да Абдирайим аксакал түптөгөн айылды бардык жактан колдоп, өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жаткан кези. Айылыбыз жаратылыш коюнунда, ажайып кооз жерде жайгашкан. Айылдын өзгөчөлүгү - ынтымактуулугунда. Кандай гана иш болбосун бардыгы жапа тырмак чогулуп маселени чечкен бизде жакшы салт", - дейт Кочкорбай уулу.

Айылдыктар ашар жолу менен жолду оңдоп жаткан кези

Айылдын тургундары ынтымактуу, кандай гана маселе болбосун кеңешип биргеликте чечишет. Негизинен эл эгин айдап, ар кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү менен алектенишет. Көбүнчө айыл тургундары дарбыз өстүрүп аны Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жана жакынкы чет өлкөлөргө сатышат. Экологиялык таза жол менен өстүргөндүктөн дарбыздар даамдуу келет. Мындан сырткары өрүктүн, алманын дагы көптөгөн түрлөрү өстүрүлөт.

"2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялангандыктан Шерали айылында Совет мезгилинен бери келе жаткан таза суу маселеси чечилүү алдында. Эгерде мурда айылдыктар арыктан кир сууну тундуруп ичишсе, эми таза суу түтүктөрү орнотулуп, көптөн бери келе жаткан көйгөй жакшы жагына чечилгени турат. Ошондой эле көчөлөргө жарыктар орнотулуп, тургундар үчүн шарттар түзүлүүдө. Жарыктар орнотулган мамыларды айылдын белгилүү темир устасы, колунан көөрү төгүлгөн Дурсунали ага жасайт.
Айылдын жаштары талаада эмгектенип, ал эми бош убактысында спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгышат. Айыл өкмөтү жана активдүү жаштар дайыма ар кандай спорттук иш-чараларды, мелдештерди уюштуруп келишет. Стадиондо жарыктар орнотулгандыктан жаштар кечкисин футбол жана башка спорттук оюндарды ойноп ден соолугун чыңдай алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.07.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ааламга жол Айылдан башталат.
02.07.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан жакты айылынар,озгочо айылдын туптолушуно жан урогон Адирайим Кулботоев аксакалдын эмгеги мени таасирлентти,азыркы кезде анын урпактары айылды колдоп келгени жакшы экен...
Кыргызстаныбызда оз жерин элин суйгон мекенчил инсандар кобойо берсин ылайым!
03.07.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шералы деп айтылгандын себеби..Шералы деген аксакал биринчи кочуп барып жашаган,озу жалгыз эчким жок..Ошол адамды коруп элдер бир экиден кочуп барып туптолгон айыл..Туура маалымат берсен..
03.07.2018. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет айылго чиркин, жапжашыл.
03.07.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
90-жылдары Озбекстандан кочуп келген этникалык кыргыздар жашашат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: