"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттен 11 пайыз каралышы аздык кылат" дейт Бокоев
"Республикадагы айылдардын катарында бир гана айылдан турган айыл өкмөттөрү бар экен. Алардын көрсүткүчү 37" деп кечээ, 28-июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттен 11 пайыз каралышы аздык кылат.
"Ансыз да айыл өкмөттөр ошол аймактагы балдар бакчасынын, мектептин электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөйт. Эми аларга кошулуп элеттеги түнкү жарыктандыруудагы энергия чыгымдарын да алар жабышы керек болуп отурат. Демек, мунун баарына жетиштүү бюджет болуш керек", - деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.