super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ИЮНЬ: Мындан 23 жыл мурун Сеулдагы супермаркет урап түшүп, 502 адам каза болгон

 

1995-жылдын 29-июнунда Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында "Сампун" супермаркети кыйраган.

"Сампун" супермаркетинин курулушу менен Ли Жун аттуу ишкер башында турган "Sampoong Group" компаниясы алектенген. Анын алгачкы проектиси боюнча супермаркеттин ордуна 4 кабаттан турган үй курулмак. Бирок Ли Жун курулуш убагында 4 кабат үйдү 5 кабаттан турган соода борбору кылып өзгөртүүнү чечкен.
1989-жылы соода борбору ишке берилип, 1990-жылы ал Сеулдагы эң алдыңкы супермаркеттердин бири болгон. Ага күнүнө келген адамдардын саны 40 000ден ашкан.
1995-жылы апрель айында бешинчи кабаттын шыбынан жарака кетет. Аны көргөн Ли Жун соода борборун жабуунун ордуна ал кабаттагы соода бөлүмдөрүн жер төлөгө көчүргөн.
29-июнда жарака мурункудан да чоңойгон. Бул күнү соода борбордо адамдар көп болгондуктан Ли Жун киреше азайышы мүмкүн деген ой менен эвакуация кылуудан баш тарткан.
Бир нече сааттан кийин 5-кабаттын шыбы урап түшүп, соода борбор бир заматта жер менен жексен болгон. Кырсыктын кесепетинен 502 адам каза болгон. Куткаруу иштери бир нече жумага созулуп, акыркы жабыркаган адамды кырсыктан 17 күн өткөндөн кийин куткарышкан.
29-июндун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.06.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкөз Ли Жундин айынан болуптурда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: