super.kg logo

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык тыюу салды

 

"Өкмөт ишкерлик жүргүзүүгө шарттарды түзүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл", - деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-июнда өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйынында айтты. Анда өлкөдөгү ишкерликтин абалы, көйгөйлөрү талкууланды.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, ишкерлик субъектилерин текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизилди. Буга текшерүүгө карата нааразычылыктардын көптүгү себеп болду.

"Иш-чаралардын планы үч жылдык келечекке багытталган. Анын багыттарынын бири – лицензиялык-уруксат тутумун жакшыртуу болуп саналат. Башкы жаңылык ишкерлердин тиешелүү лицензияларды интернет аркылуу алуусу болот. Мындан тышкары менчик уюмдардын алган лицензияларынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча укуктарыбызды мыйзамдаштырабыз", - деди Панкратов.

Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнө жыйында ишкерлер тарабынан айтылган бардык сунуштарды карап чыгууга, иш-аракеттерди баштоого тапшырма берди.

"Өкмөт бизнес жүргүзүүгө шарттарды түзүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл. Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө буга чейин берилген тапшырмаларды аткаруу бир нече жылдан бери кагаз бетинде калып келет. Демек, мамлекеттик органдардын жетекчилери өз милдеттерин аткарууга тиешелүү жоопкерчилик менен киришпейт. Мындай тактика мындан ары колдонулбайт", - деп айтты Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.06.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Каша болуп кетет да 3 жылда 1 жыл болсо жакшы болот
29.06.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо деле баягы аткаминерлердин,депутаттардын,чондордун бизнеси гулдойт экен да.Карапайым калк зорго тирилик кылып атканда кайсыл бизнес.Кыскасы оздорунун бизнеси учун ушуну ойлоп чыгышыптыр да!
29.06.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эгер ушул закон иштесе жакшы болот!!!Россиядан акчаларды алып,Кыргызстанга барып Бизнес баштайт окшойбуз.
29.06.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы окмотту колдош керек. Таза иштеймин деп аракет кылап жатат. Президентибиз да таза киши. Ушуну Кудай Кут кылсын
29.06.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо чет елден келген инвесторлордунда бизнеси текшерилбей калабы
9т алтындын ордуна 9т кумуш же болбосо ушул сыяктуу нерсени жазып олкодон салыксыз алып чыгып кетип калса олег жооб береби.
же болбосо жон эле жумушунан кетип согуш алып койобу
29.06.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишкерлерге жакшы шарт. Озбекстанда ишкерлерди жакшы колдойт бизнес пландарына че берет мамлекет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: